Акыркы убакта батыш маалымат каражаттары Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун “Кудс” күчтөрүнүн командачысы генерал Исмаил Каани тууралуу такталбаган жалган маалыматтарды таркатууда.
Перс тилинде берүүлөрдү алып барган оппозициялык медиалар Батыштагы айрым басылмаларга, мисалы New York Times, Reuters, Sky News Arabia жана башка маалымат каражаттарына таянып, алгач генерал Каани Бейруттун Дахия районунда «Хезболла» уюмунун аткаруу кеңешинин башчысы Сейид Хашем Сафи ад-Дин менен жолугушуу учурунда курман болгон деп билдиришкен. Көп өтпөй алар Каани жаракат алып, абалы өтө оор экенин айта башташкан.
Бир аз убакыт өткөндөн кийин бул ушактар андан да күлкүлүү мүнөзгө ээ болуп, Каани сурак учурунда инсульт же жүрөк оорусуна кабылды деген билдирүүлөр тараган.
Акыры генерал Каанинин Тегерандагы Имам Хусейн аянтында шейит болгон Ислам революциясынын сакчылар корпусунун ыкчам маселелер боюнча командиринин орун басары, генерал-майор Аббас Нилфорушанды эскерүү аземине эл менен бирге катышып чыкканынан кийин бул ушактардын жалган экени толугу менен ачыкка чыккан.
Эми азыр да Жакынкы Чыгышта кырдаал курчуп, АКШ менен Израиль Иранга каршы аскердик операция баштагандан бери дагы бир жаңы ушак-айың пайда болуп, анда Каани Израиль менен кызматташкан деп шектелип, тыңчылык айыбы менен камакка алынып, коопсуздук органдары тарабынан катуу суракка алынууда деген маалыматтар таратылууда. Бул маалыматтар буга чейинки жалган кабарлар сыяктуу эле негизсиз болуп саналат. Анткени мындай билдирүүлөр көбүнчө маалыматтык-психологиялык согуштун бир бөлүгү катары колдонулат.
Мындай ушак-айыңдардын тарашы аймактагы чыңалуунун күчөгөн шартында коомчулуктун аң-сезимине таасир этүү, белгилүү бир фигуралардын айланасында күмөн саноону күчөтүү максатын көздөшү мүмкүн. Айрым учурларда мындай маалыматтар адамдын жайгашкан жерин аныктоо же аны бутага алуу максаттарды да камтышы ыктымал.
Азырынча генерал Исмаил Каанинин камакка алынганы же ага каршы тыңчылык боюнча иш козголгону тууралуу ишенимдүү, тастыкталган маалыматтар жок. Мунун баары негизинен маалыматтык мейкиндикте тараган божомолдор жана тастыкталбаган кабарлар бойдон калууда.
Бирок бул окуядан чыгарууга боло турган бир катар маанилүү сабактар жана ойлонууга түрткү берген жагдайлар бар:
Жалган кабарлар жана алардын коомго таасири
Биринчи көңүл бура турган жагдай генерал Каани тууралуу жалган кабарлардын абдан кеңири масштабда тарашы болду.
Акыркы жылдары социалдык тармактардын тез өнүгүшү жана алардын коомго кеңири жайылышы, ошондой эле бул чөйрө боюнча олуттуу билим берүү иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, калктын олуттуу бөлүгү маалыматты дал ушул платформалардан алууда. Көпчүлүк адамдар кабарлардын чын-төгүнүн текшерүү же ушак таратуу жана психологиялык маалыматтык согуш ыкмалары тууралуу жетиштүү маалыматка ээ эмес.
Мындан тышкары, мамлекеттик телеканалдар менен ички медиалардын маалымат берүү ишмердүүлүгүнүн анчалык натыйжалуу болбой калышы адамдардын социалдык тармактарга жана спутниктик каналдарга көбүрөөк кайрылуусуна алып келди.
Ошондой эле ар кандай өкмөттөрдүн негизги көңүлдү фильтрлөө маселесине гана бурушу, социалдык тармактарды туура жөнгө салуу, натыйжалуу башкаруу жана коомду бул чөйрөдө кеңири окутуу иштерине жетиштүү көңүл бурбай коюшу дагы ушундай кырдаалдын пайда болушуна себеп болду. Натыйжада мындай көрүнүштөр көп учурларда өзүнүн терс таасирин көрсөтүп келет.
Медиа сабаттуулуктун зарылдыгы
Ирандык генерал Каани тууралуу айрым медиалар жүргүзгөн ушак таратуу кампаниясынын ыкмасы коомдо медиа сабаттуулук, психологиялык согуш жана саясий анализдин негиздерин окутуунун канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу көрсөттү.
Тилекке каршы, көпчүлүк адамдар ири саясий жана коопсуздук маселелерин туура талдай алышпайт. Ушундай маселелерге карата туура эмес көз караш жана медиа сабаттуулуктун жетишсиздиги мындай ушактардын коомдо тез жайылышына шарт түзөт.
Чет элдик медиалар Каани тууралуу ушактарды жайылтууда төмөнкүдөй маалыматтык ыкмаларды колдонушкан:
- белгисиз булакка таянуу («маалымдар булак» деген ат менен);
- ишеним жараткан булактарды колдонуу (мисалы Reuters, Sky News сыяктуу белгилүү медиаларга шилтеме берүү);
- «чоң калп» тактикасы (Каани тыңчы болгон деген сыяктуу билдирүүлөр);
- маалыматты толкун-толкун менен таратуу (өлдү, жоголду, жаракат алды, тыңчы болуп чыкты, инсульт болду деген сыяктуу);
- белгисиздик жаратуу аркылуу аудиторияны адаштыруу (эгер тирүү болсо кайда? эгер тыңчы болбосо эмнеге расмий түрдө четке кагылбайт? эмнеге сүрөтү жарыяланбайт?).
Мунун баары жаңылыктарды чагылдыруу тактикасы, психологиялык жана медиа согушу. Эгерде ар кандай институттар коомчулукту, үй-бүлөлөрдү, жаштарды жана ал тургай элитаны агартууда атайылап иш алып барышса, генерал Каани жөнүндөгү жаңылыктар коомчулуктун оюн оңой эле ээлеп алмак эмес.
Абдулбасит Ансари



















