Иран Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы: Тегеран Түркия тарапка ракета учурган эмес.
Ирандын куралдуу күчтөрү Түркиянын эгемендүүлүгүн урматтайт жана анын аймагына карай ракета учурулганын четке кагат. Бул тууралуу Ислам Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди.
«Ирандын куралдуу күчтөрү коңшу жана достук мамиледеги Түркиянын суверенитетин урматтайт жана бул өлкөгө карай ракета учурулганын толугу менен четке кагат», — деп айтылат Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясы келтирген Башкы штабдын билдирүүсүндө.
Буга чейин шаршемби күнү Түркиянын Коргоо министрлиги Иран тараптан учурулган болушу мүмкүн болгон баллистикалык ракета Түркиянын аба мейкиндигинде жок кылынганын билдирген. Бул Жакынкы Чыгыштагы жаңжал башталгандан бери биринчи жолу катталган учур экенин белгилешкен.
Түркиянын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, окуядан эч ким каза болгон же жаракат алган эмес. Ракетанын сыныктары өлкө аймагына түшкөндөн кийин Түркия президентинин администрациясы республикага жасалган ар кандай чабуулга жооп кайтарууга даяр экенин жана Ирандын айланасындагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу НАТО менен зарыл консультацияларды өткөрөрүн билдирген.

















