АКШнын Коргоо министрлиги Кытайдын аскердик активдүүлүгүнө байкоо жүргүзүү үчүн кошумча 12,6 миллиард доллар каражат бөлүүнү пландап жатканын Bloomberg агенттиги 25-февралда ведомствонун бюджеттик документине шилтеме берүү менен кабарлады.
Бул каражат суу астында жүрүүчү кемелерди жана спутниктерди байкоого жана кибер операцияларга жумшалат.
Басылманын маалыматы боюнча, кошумча каражаттар АКШнын Индия-Тынч океан аймагындагы согуштук даярдыгын жогорулатууга, чабуулчу кибероперацияларды өнүктүрүүгө жана байкоо жүргүзүүнү күчөтүүгө ошондой эле жашыруун Boeing X-37B космос кемесинин ишин кеңейтүүгө жумшалат.
Бул кадам Кытайдын Азиядагы аскердик күчү акыркы жылдары болуп көрбөгөндөй өсүп жатканына каршы тууруу үчүн жасалууда.
Документте ошондой эле орбитада америкалык системаларды бузуп же зыян келтириши мүмкүн болгон кытайлык же орусиялык космостук аппараттарды көзөмөлдөө үчүн иштелип чыккан АКШнын Silent Barker эрте эскертүүчү тыңчы спутниктеринин санын көбөйтүү үчүн 528 миллион доллар бөлүү каралганы айтылат.















