Тажикстан менен Өзбекстан өз ара сооданын көлөмүн 2 млрд долларга чейин жеткирүүнү көздөшүүдө. Тийиштүү макулдашууга 17-февралда Душанбеде өткөн соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 13-жыйынында жетишилди. Жыйынга Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышты, деп билдирет «Ховар».
Жыйындын жүрүшүндө тараптар соода жана инвестиция, энергетика, өнөр жай, айыл чарба, транспорт, бажы, билим берүү жана маданият тармактарындагы кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө биргелешкен ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калаары белгиленди. Жолугушуунун жыйынтыгында өкмөттөр аралык комиссиянын биргелешкен иши боюнча протоколго кол коюлду.
Тажик тараптын маалыматына ылайык, 2025-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 718,3 млн долларды түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 22,5%га өскөн.
Ошол эле күнү Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Тажикстан президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык өз ара аракеттенүүгө негизделген тажик-өзбек мамилелерин өнүктүрүү жана кеңейтүү келечектери талкууланды.
Белгилей кетсек, өз ара сооданы 2 млрд долларга чейин көбөйтүү планы тууралуу алгач 2024-жылдын жаз айында Душанбеде өткөн өзбек-тажик инвестициялык бизнес-форумунда айтылган. Ал форум Тажикстанга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жасаган сапардын алкагында өткөн. Анда акыркы сегиз жыл ичинде эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмү үч эсеге өсүп, 2023-жылы 750 млн долларга жеткени, ал эми 2024-жылдын башынан тартып дагы 40%га көбөйгөнү белгиленген.



















