Өзбекстанда улуу ойчул, акын жана мамлекеттик ишмер Захириддин Мухаммад Бабурдун туулган күнүнүн 543 жылдыгына карата анын атактуу «Бабурнаама» чыгармасы кыргыз тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу Бабур атындагы эл аралык коомдук фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Чыгарма кыргызстандык бабур таануучу окумуштуу, филология илимдери боюнча философия доктору (PhD) Хосият Бекмирзаева тарабынан өзбек тилинен кыргызчага которулган.
Басылманын даярдалышына кыргыз жана өзбек окумуштууларынан турган адистер тобу катышкан. Адабий редакциясын философия илимдеринин кандидаты, доцент Төлөнбай Курбанов жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү кыргыз жазуучусу Абибилла Пазылов жүргүзүшкөн.
Редакциялык кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген илим ишмери, профессор Кыяс Молдокосымов, КР УИА академиги, философия илимдеринин доктору Нур Саралаев, профессор Сулайман Кайыпов, ошондой эле Өзбекстан Илимдер академиясынын академиги Шуҳрат Сирожиддинов жана башка белгилүү окумуштуулар кирген.
Китепке Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев алгы сөз жазган. Жооптуу редактору болуп филология илимдеринин доктору (DSc), бабур таануучу окумуштуу Шуҳрат Хайитов эмгектенген. Ал басылмага Бабурдун өмүрү жана мамлекеттик ишмердиги тууралуу илимий-тарыхый маалыматтарды камтыган бөлүмдү да даярдаган.
Захириддин Мухаммад Бабур 1483-жылы 14-февралда Анжиян шаарында туулган. Ал Ооганстан жана Индостан аймактарында падышачылык кылып, Бабуриддер династиясынын негиздөөчүсү катары тарыхта калган. Анын «Бабурнаама» чыгармасы түрк тилдүү адабияттын баа жеткис мурастарынын бири болуп эсептелет. Анда Борбордук Азия, Ооганстан, Индостан жана Иран элдеринин тарыхы, географиясы, маданияты жана доордун көрүнүктүү инсандары тууралуу баалуу маалыматтар камтылган. Бабур 1530-жылдын 26-декабрында Агра шаарында каза болуп, керээзине ылайык сөөгү кийин Кабулдагы Бабур бакчасына (Баг-и Бабур) коюлган.
Китеп Кыргызстандагы «Улуу Тоолор» басма үйүндө Эл аралык Бабур коомдук фондунун демөөрчүлүгү менен басылып чыкты. Белгилей кетсек, «Бабурнаама» 2016-жылы да кыргыз тилинде жарык көргөн. Ал эми бул жолку басылма өзбек тилиндеги оригинал нускаларды изилдөөнүн негизинде түздөн-түз которулганы менен айырмаланат.
Адистердин баамында, бул котормо кыргыз менен өзбек элдеринин маданий-адабий байланыштарын жаңы деңгээлге көтөрүп, боордош элдердин руханий жакындашуусуна бекем өбөлгө болот. Ошондой эле ал жалпы түрк дүйнөсүнүн бай мурасын кеңири жайылтууга кызмат кылары белгиленүүдө.



















