Ирандын телекоммуникациялык «Джам-е джам-1» спутниги 12-февралда Байконур космодромунан россиялык “Протон-М” ракета алып жүрүүчүсү менен учурулганын Ирандын мамлекеттик телерадио компаниясы билдирди.
Маалыматка караганда, “Протон-М” ракетасы менен орбитага чыгарылган бул спутник Ирандын геостационардык орбитадагы биринчи коомдук берүү спутниги деп эсептелет.
Белгилей кетсек, «Джам-е джам-1» Ирандын мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн инфраструктурасында маанилүү ролду ойнойт.

















