Франциянын президенти Эммануэль Макрон Париж менен Москванын ортосундагы байланыш каналдары техникалык деңгээлде калыбына келтирилгенин билдирди. Ал ошондой эле Европа Биримдигинин Россия менен байланыш боюнча «уюштурулган европалык мамиле» калыптанат деген үмүтүн айтты.
Макрондун айтымында, анын дипломатиялык кеңешчиси Эммануэль Бонн техникалык деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруу үчүн жакында Москвага барган. Француз лидери бир катар европалык өнөктөштөрүнө да Россия менен диалогду кайра баштоону сунуштаган.
Ал географияны өзгөртүү мүмкүн эместигин белгилеп, Европа кааласа да, каалабаса да Россия «жок болуп кетпесин» айтып, диалог жүргүзүү керектигин билдирди.
«Айрымдар үчүн биз сыяктуу дипломатиялык кеңешчилерди жөнөтүүгө али эрте болчу», — деди Макрон.
Буга чейин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Макрондун Владимир Путинге телефон чалуу ниети тууралуу билдирүүлөрүн «аянычтуу дипломатия» деп атаган.
«Бир нече жума мурда Франциянын президенти Эммануэль Макрон дагы бир жолу Россиянын президенти Владимир Путинге качандыр бир кезде телефон чаларын билдирген. Бул олуттуу эмес. Бул — аянычтуу дипломатия. Эгер чалып, кандайдыр бир маселени чындап талкуулоону кааласаң, анда жөн эле чал», — деген Лавров.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да Париж менен Москванын ортосунда «чектелген жумушчу байланыш» бар экенин айтып, бирок Макрон менен Путиндин жолугушуусунун так күнү азырынча белгилене электигин кошумчалады.
Европа АКШ менен Кытайдын ортосунда
Макрон ошондой эле Европа Биримдигин АКШ менен жаңы чыңалууларга даяр болууга чакырды. Анын айтымында, азыркы салыштырмалуу тынч абалды туруктуу өзгөрүү катары кабыл алууга болбойт. Европа Бельгияда өтө турган саммиттин мүмкүнчүлүгүн экономикалык реформаларды күчөтүүгө жана ЕБни АКШ менен Кытайдын алдында бекемдөөгө пайдаланууга тийиш.
Франциянын президенти Дональд Трамптын администрациясынын саясатын «ачык анти-европалык» деп атап, Вашингтон Европа Биримдигин алсыратууга аракет кылышы мүмкүн экенин эскертти. Анын божомолунда, жакынкы айларда АКШ айрыкча Европанын санарип секторуна басым жасашы ыктымал. Эгер ЕБдин Санарип кызматтар тууралуу мыйзамы толук ишке кирсе, тарифтер да киргизилиши мүмкүн.
Макрон буга чейин Европа Биримдиги «кош кризиске» — «Кытайдын соода цунамисине» жана АКШдан келип чыккан туруксуздукка туш болуп жатканын билдирген.
Ушундай шартта ал ири инвестицияларды каржылоо үчүн ЕБ деңгээлинде биргелешкен насыя алуу идеясын кайра көтөрдү. Бул демилге АКШ долларынын үстөмдүгүнө каршы турууга багытталган, бирок Германия жана айрым башка өлкөлөрдүн каршылыгына туш болууда.
Брюсселдеги ЕБ лидерлеринин жыйынында Макрон сунуштаган «Европада өндүрүлгөн» стратегиясы да каралат. План Евробиримдик ичинде чыгарылган товарлар үчүн европалык мазмун талаптарын киргизүүнү камтыйт жана айрым өлкөлөрдө, ошондой эле автоунаа тармагында тынчсыздануу жаратууда.
Франциянын президенти 2025-жылдын декабрында европалыктар менен Владимир Путиндин ортосундагы түз диалогдун пайдасы жөнүндө айткан. Февраль айынын башында Макрон Париж Москва менен байланыштарды калыбына келтирүү үчүн иштеп жатканын, даярдыктар “техникалык деңгээлде” жүрүп жатканын жарыялаган. Латвия жана Эстония дагы Россия менен түз сүйлөшүүлөрдү колдошкон.


















