2025-жыл Борбордук Азия мамлекеттери үчүн эң маанилүү саясый жана коопсуздукка байланышкан окуяларга жыш болду. Эми мунун таасиринен улам аймактагы өлкөлөрдө кандай өзгөрүүлөр жана процесстер күтүлүшү мүмкүн? Ирандын Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыгынын өнүгүшү үчүн кандай маанилүү сунуштар же жагдайлар бар? Мына ушундай суроолордун тегерегинде Кыргызстандын Пакистандагы мурдагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Уланбек Тотуяев “Евразия Тудей” агенттигине өзүнүн пикири менен бөлүштү:
– 2025-жыл Борбор Азияда жайгашкан өлкөлөр боюнча жалпылап урунтуу учурларына токтоло турган болсом, айрыкча Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселелеринин чечилиши өтө зор мааниге ээ болду. Айрыкча 31-мартта үч өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге жана түбөлүк достук жөнүндө Кожент декларациясына кол коюшу өтө зор мааниге ээ болду. Анткени, 2021-2022-жылдарда чек ара чыры болуп, анда эки тарап тең жоготууларга учуруп, каза болгондор болгон. Буюрса бул маселе чечилип, азыркы тапта соода-сатык, саясий жана маданий жактан эки тараптуу карым-катнаш күчөй баштаганын баса белгилегим келет.
Негизинен өткөн жылдын ноябрь айы геосаясый жүрүштөргө бай болду. Борбордук Азия мамлекеттеринин башчылары, алардын ичинде биздин президент Садыр Жапаров катышкан жетинчи консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлуп, кабыл алынган. Эң маанилүүсү, лидерлердин жетинчи консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү; Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө-мамлекеттерге Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлиги боюнча кайрылуусу; Азербайжандын Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусуна толук кандуу катышуусу жөнүндө чечимдер болду.
Мындан тышкары, ошол эле айда Вашингтондо АКШ менен Борбор Азия лидерлеринин С5+1 форматындагы саммити өттү. Анын алкагында Американын президенти Дональд Трамп региондун лидерлери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү”, – деди Уланбек Тотуяев.
Ал белгилегендей, тараптар жалпысынан экономика жана инвестициялар, туризм, гидроэнергетика, санарип экономика, жасалма интеллект, IT-чөйрөсү, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо сыяктуу негизги төрт багытта кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анда Казакстан менен АКШнын президенти С5+1 саммитинин алдында жолугушуп, Дональд Трамптын араб өлкөлөрүнүн жана мусулман дүйнөсүнүн Израил менен байланышын жөндөө демилгесиндеги Авраам келишимине Казакстан кошулду. Бирок бул казакстандык жана кошуна мамлекеттердин эксперттери тарабынан бир кыйла талданып, ар кандай пикирлердин жаралышына шарт түздү.
У.Тотуяевдин айтымында, Борбор Азия аймагындагы кошуна мамлекеттердин лидерлеринин Ташкентте өткөн саммитте коопсуздук жана интеграция маселелерин талкуулашы, Азербайжан саммитке ардактуу конок катары катышып, аймактык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүнүн каралышы, коопсуздук концепциясы жана 2026–2028-жылдарга багытталган күн тартибин кабыл алынышын атаса болот.
“Ал эми 27-ноябрда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, президент анын алкагында аскердик кызматташтык тууралуу сөз кылып, 2025-жылы Кыргызстанда “Чек”, “Бузулгус боордоштук” жана “Эшелон” сыяктуу ири машыгуулар өткөрүлгөнүн белгилеген. Саммитке президенттер Владимир Путин, Касым-Жомарт Токаев, Эмомали Рахмон жана Александр Лукашенко катышкан. Бул маселелерди жеке көз карашым боюнча 2025-жылдын урунтуу окуялары катары эсептейм”, – дейт ал.
Мурдагы элчи, үстүбүздөгү жылда Борбор Азияда кандай өзгөрүүлөр жана процесстердин күтүлүшү мүмкүндүгүнө да токтолду.
“4-февралда “Бизнес 5+1” иш-чарасы АКШ менен Борбор Азиянын бизнес кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатын көздөгөн иш-чара өттү. АКШнын Түштүк жана Борбор Азия боюнча өкүлү Сержио Гор азыркы дүйнөлүк геосаясый шартта Америка Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну күчөтүүгө көп көңүл буруп жатканын билдирди. Демек, муну геосасый кадам деп эсептөөгө болот.
Ал эми Борбор Азия аймагында күтүлүүчү негизги өзгөрүүлөр жана процесстер, климат жана экологиялык коркунучтар, температуранын жогорулашы жана суунун булганышы боюнча адистер байма-бай коңгуроо кагып, айтып келе жатышат. Буга аймактын өлкөлөрү мамлекеттик деңгээлде иш алып барып, алдын ала иш алып буруусу зарыл деп эсептейм. Жалпы жонунан карай турган болсок, Борбордук Азия келечекке көз чаптырып, кийинки жыйырма жылга энергетикалык ландшафтты картага түшүрүшү керек.
Ал мындан тышкары, өткөн жылдагы окуялардын жана үстүбүздөгү жылга карата божомолдордун негизинде, Ирандын Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыгынын өнүгүшү үчүн маанилүү сунуштары боюнча да ой бөлүштү.
“Жогоруда белгилегенимдей, өткөн жылдын экинчи жарымында дүйнөдө саясый окуялар көп болду. Анын ичинде айрыкча ноябрь айында Иран АКШ менен Израилдин ортосунда саясий чыңалуу күчөп, бул 12 күнгө созулган согуштун чыгышына алып келгени дүйнө коомчулугуна белгилүү болгон. Мунун таасири азыркы күнгө чейин уланып, учурда Тегеран менен Вашингтондун ортосунда жолугушуулар болуп жатат. Мында менин оюмча Иран көп нерсени далилдеп бере алат. Бирок буга карабай, тараптардын маселесинин достук мамиледе чечилиши бир гана Иран жана Америка үчүн гана эмес, дүйнөлүк деңгээлде маанилүү.
Менин байкашыма караганда, Ирандын 2025-2026-жылдардагы Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташтыгы Тегеранга каршы катуу санкциялардын жана жаңы логистикалык жолдорду издөөнүн шартында өнүгүп жатат”, – дейт саясатчы.
Ал баса белгилегендей, негизги багыттарга деңизге чыгуу үчүн Иран портторун пайдалануу, Түндүк-Түштүк транспорттук коридорун өнүктүрүү жана экономикалык пайдаларды экинчи санкциялардын тобокелдиктери менен тең салмактоо менен аймакты турукташтыруу үчүн Россия жана Кытай менен аракеттерди синхрондоштуруу кирет.
Ошол эле маалда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол коридору Чыгыш жана Түштүк Азияны, Жакынкы Чыгышты жана Европаны байланыштыра турган стратегиялык көпүрө болууга жөндөмдүү эң келечектүү долбоорлордун бири болгондуктан, бул багытта аймактагы өлкөлөрдүн Тегеран менен кызматташуусу күчөйт.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева



















