Eurasiatoday
Шаршемби, 25-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Чыңгыз Айтматовдун элесин тебелебегиле — өзбекстандык ардагер журналист

  • Маданият
  • 03.02.2026 09:52

Loading

????????????????????????????????????

Роза Айтматованын кайрылуусу Өзбекстан коомчулугунда чоң резонанс жаратты. Чыңгыз Төрөкулович Айтматовду чын дилден сүйүп, чыгармаларын окуп, зор урмат менен эскерген эл үчүн анын ысмынын айланасындагы ар кандай ушак-айың, атайын бурмалоолор өзгөчө оор кабыл алынат.

Анын айтымында, Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун карындашы Роза Төрөкуловна Айтматованын кайрылуусу коомдук мейкиндик кайрадан ушакка, чындыкты бурмалоого жана жакынкы тарыхты өз кызыкчылыгына жараша өзгөртүүгө умтулган аракеттерге толгон күндөрү жаңырды. Бул сөздөрдү жөн гана жеке пикир деп кароого болбойт. Бул — турмуштун далайын көргөн, катуу да, түз да айтууга акыл-ахлактык укугу бар Аялдын, Эненики болгон үн.

Рахимжон Султанов белгилегендей, ал Москвада жашаган жылдары, айрыкча 1970–1980-жылдары, Чыңгыз Айтматов менен өлкөнүн эң ири мамлекеттик жана коомдук-саясий жыйындарында көп жолу жолуккан. Алар КПССтин Кремлдеги Съезддер сарайындагы жыйындар, СССР Жогорку Советинин сессиялары, СССР Жазуучулар союзунун пленумдары жана съезддери, Кинематографисттер союзунун жыйындары, Герцен көчөсүндөгү Борбордук адабиятчылар үйүндөгү, Союздар үйүнүн Колонналык залындагы, Васильевская көчөсүндөгү Кино үйүндөгү жолугушуулар болгон.

Тема боюнча

Т. Кожомбердиевдин 85 жылдыгына арналган эл аралык поэзия фестивалы башталды

Т. Кожомбердиевдин 85 жылдыгына арналган эл аралык поэзия фестивалы башталды

05.06.2026

«Ал доордун өзгөчө абалы бар эле — кеч советтик мезгил, ичтен чыңалып, жарака кетип турса да, сырткы салабаттуулугун сактап турган убак. Ошол залдарда Айтматов ар дайым өзүнүн кадыр-баркы, кесиптештеринин арасындагы салмагы менен айырмаланып турчу. Анын сөзүнө кулак төшөшүп, ар кандай маселелерде кеңеш сурашчу», — деп эскерет ал.

Журналист катары Султанов Чыңгыз Айтматовдон маек алуу үчүн көп жолу кайрылган. Анын айтымында, бир да жолу баш тартуу болгон эмес. Канчалык алек болсо да, канчалык жогорку наамдары болбосун, Айтматов суроолордон качкан эмес. Ал ар дайым токтоо, ой таразалап сүйлөп, айткан сөзү элдин ар кандай катмарында жаңырарын терең түшүнчү.

Маектештин пикиринде, Роза Төрөкуловнанын кайрылуусунда 1990-жылдагы Ош окуялары тууралуу айтылган сөздөр өзгөчө мааниге ээ. Бул каргашалуу окуя бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстан менен Өзбекстандын элдеринин эсинде оор из калтырып келет. Жылдар өтсө да, бул теманын айланасында далай калп сөз, чындыктан алыстоо жана арзан күнөөлөөлөр топтолду, анын ичинде Чыңгыз Айтматовдун да дарегине айтылгандары бар.

Султановдун айтымында, Ош окуялары учурунда Чыңгыз Айтматов Москвада болуп, жаңжал мамлекеттер аралык куралдуу кагылышууга айланып кетүү коркунучун сезип, Ислам Абдуганиевич Каримов менен жолугуу үчүн шашылыш Өзбекстанга учуп келгенин Роза Төрөкуловнанын өзү айтып бергени — өзгөчө маанилүү. Бул божомол да эмес, ушак да эмес — түз күбөлүк.

«Айтматов менен Каримовдун сүйлөшүүсү жазуучу менен саясатчынын эмес, аймактын тагдыры үчүн жоопкерчиликти сезген эки адамдын ачык маеги болгон. Айтматов кыргыз, өзбек, казак элдери тууган экенин, Фергана өрөөнүндө чоң согуш тутанса, бул бүтүндөй Борбор Азия үчүн алаамат болорун айткан. Бул — элди козуткан кыйкырык эмес, тарыхты терең түшүнгөн акылман ой», — деп баса белгиледи ардагер журналист.

Анын сөзүнө караганда, Ислам Каримовдун бир да өзбек жоокери Кыргызстандын чек арасынан өтпөйт деген убадасы жана ал убадасынын аткарылышы — тарыхта калган анык факт. Согушту алдын алуу — айрымдар айткандай чыккынчылык эмес, тескерисинче, өз элине да, коңшу элдерге да кызмат кылуунун эң бийик үлгүсү.

«Айтматовду бул трагедияда кайсы бир тарапты колдогон адам катары көрсөтүүгө аракет кылуу — же билимсиздик, же атайын жасалган арам оюн. Тарых мындай жөнөкөйлөтүүгө жол бербейт», — деди Рахимжон Султанов.

Ал ошондой эле Роза Төрөкуловна көтөргөн символдордун кыйрашына байланыштуу маселени да өзгөчө маанилүү деп эсептейт. Айтматов жөн гана жазуучу эмес эле. Ал тирүү символ болчу — ойлонгон, талаш жараткан, бирок ак ниет символ. Бүгүн, ал дүйнөдөн кайткандан кийин да, анын мойнуна доордун бардык күнөөлөрүн арта салууга аракет кылгандар — бул тарыхый инсанды талкуулоо эмес, коомдун ичиндеги дарттын белгиси.

«Мен Айтматовду Москвада көп жолу көрдүм — бийликтин коридорлорунда, жазуучулардын арасында, трибуналарда, жабык сүйлөшүүлөрдө. Андан өз элинин тагдырына кайдыгерликти да, эне тилине шылдыңды да, улуттук тамырынан алыстоону да көргөн жокмун. Тескерисинче, ал дайыма адамдык ар-намысты сактоо, маданиятты адеп-ахлактын акыркы калканы катары кароо тууралуу айтып келчү», — деп эскерет агенттиктин маектеши.

«Роза Төрөкуловнанын кайрылуусу — мактоо сураган өтүнүч эмес, элди түбөлүккө унчукпай калууга чакырган да эмес. Бул — эскертүү: элестен айрылсак, келечектин пайдубалын өзүбүз эле уратабыз. Руханий тирөөчтөрүн ойлонбой тепселеген коом акыры багытынан да, таянычынан да кол жууйт», — деп белгиледи ал.

«Чыңгыз Айтматов XX кылымдын эң ири жазуучусу, коомдук ишмери, дипломат болгон. Бирок анын эң башкы осуяты — “күн сайын адам бойдон калуу” — бүгүн өзгөчө терең угулат. Балким, дал ушул убакта ушак-айыңга эмес, айтылган сөз үчүн жоопкерчиликке кезек келгендир — тирүүлөрдүн алдында да, өтүп кеткен муундардын элесинин алдында да», — деп жыйынтыктады ардагер журналист Рахимжон Султанов.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: 12-декабрь-Адабият күнүадабиятЧ. Айтматов
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Адабият боюнча 2026-жылдагы Нобель сыйлыгын канадалык жазуучу Энн Карсон алды

Адабият боюнча 2026-жылдагы Нобель сыйлыгын канадалык жазуучу Энн Карсон алды

09.10.2026
Т. Кожомбердиевдин 85 жылдыгына арналган эл аралык поэзия фестивалы башталды

Т. Кожомбердиевдин 85 жылдыгына арналган эл аралык поэзия фестивалы башталды

05.06.2026
Ш. Мирзиёев: “Адабиятты жана искусствону колдоонун жаңы этабы башталды”

Ш. Мирзиёев: “Адабиятты жана искусствону колдоонун жаңы этабы башталды”

02.06.2026
Ала тоого “Ала-Тоо” кайра келди

Ала тоого “Ала-Тоо” кайра келди

01.06.2026
“Манас жана Мухтар” даректүү тасмасынын бет ачары болуп өттү

“Манас жана Мухтар” даректүү тасмасынын бет ачары болуп өттү

05.05.2026
Мен билген Мелибаев

Мен билген Мелибаев

24.03.2026
«Бабурнаама» кыргыз тилинде жарык көрдү

«Бабурнаама» кыргыз тилинде жарык көрдү

17.02.2026
Быйыл  Ысык-Көл  форумунун 40 жылдыгы белгиленет

Быйыл Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгы белгиленет

02.02.2026
Айтматов жана коом. С. Жапыкеевге кыргыз интеллигенциясы кандай жооп берди?

Айтматов жана коом. С. Жапыкеевге кыргыз интеллигенциясы кандай жооп берди?

20.01.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
218 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.