Кыргызстанда жогорку окуу жайларындагы контракттык окуунун баасына чектөө киргизүү зарыл, анткени акыркы эки жылда алардын баасы кескин өсүп кетти.
Бул тууралуу депутат Камила Талиева Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
“Жогорку окуу жайларында контрактык баа эки жылдан бери кескин өстү. Бул ата-энелер тарабынын айтылып, өздүк баракчам аркылуу жазылып жатат. Буга чектөө коюушубуз керек. Баалардын кескин өсүшүнө каршымын. Бул элдин чөнтөгүнөн кетип жатат. Кээ бир ректорлор контрактык бааны жогору коюп алып, анын эсебинен каалагандай эс алып чет мамлекеттерде жүрүшөт. Бул тууралуу мурда да айткам, анын ичинде БатМУ боюнча да айтылган…”, – деди Талиева.
К. Талиева буга чейин студеттер үчүн окуу акыларынын баалары кескин өскөндүгүн депутат Дастан Бекешов дагы айтып чыккандыгын эске салды.
Ал эми Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Женалы Орозбаев 2016-жылы билим берүү тармагы мамлекеттик баа жөнгө салуудан чыгарылганын маалымдады. Бирок учурда агенттик кайрадан чектөө киргизүүнү сунуштарын даярдап жатат.
Ж. Орозбаевдин белгилегенине караганда, акыркы бир жылдын ичинде контрактын баасы 50 миңден 100 миң сомго чейин көтөрүлгөндүктөн, агенттик бул тууралуу Экономика министрлигине кайрылган. Жогорку окуу жайларынын ичинен Ж. Баласагын атындагы КМУга 23 млн сомду, Президетке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы башкаруу университетине (АГУПКР) 13 млн сомду студенттерге кайра кайтарып берүү боюнча көрсөтмө берилгендигин билдирди. Бул маселе боюнча биз айрым ЖОЖдордун окутуучуларынын өздөрүнө кайрылганыбызда, алар өз ойлорун төмөндөгүчө билдиришти:
Гапыр Мадаминов, Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими:
“Окуу акысынын кымбаттыгы өтө көп студенттердин билим алуусуна мүмкүнчүлүк бербей жатат”
– Жогорку Кеңештин депутаты Талиева Камила Абдразаковна студенттердин окуу акысы жөнүндөгү маселени туура көтөрдү. Бул учурдун актуалдуу маселеси.
Муну элдин чөнтөгүнө ыңгайлаштырып чечүүнүн бир топ жолдору бар. Контракт төлөмүн элдин орточо айлык акысы жана жашоо минимуму менен байлап болжолдуу чыгарса болот. Ошондо окуу төлөмдөрүнүн бир кыйла төмөн түшүрүлүүсүнө негиз болот. Албетте, азыркы жогорку билим берүү тутуму жогорку кымбат инновациялык технологияга негизделген. Бирок студенттер анын бардыгын төлөй албайт. Бул мамлекеттик бюджеттин эсебинен, эл аралык инвеститция донорлору менен тортурулушу зарыл деп эсептейм.
Окуу акысынын кымбаттыгы өтө көп студенттердин жогорку билим алуусуна мүмкүнчүлүк бербей жатат. Ал эми окуп жаткандар болсо ошол контрагын төлөш үчүн сабакка барбастан же болбосо түнү менен иштегендиктен лекцияларда, сабактарда уйкусурап толук кандуу билим ала албай калып жатышат. Ошон үчүн депуттын демилгесин колдоп, окуу акысын кескин түшүрүү керек. Аны жогоруда айтып өткөндөй, элдин эмгек акысы менен байланыштыруу зарыл.
Милан Мырзагулов, Кыргызстан эл аралык университети мекемесинин доценти:
“Негизи демилге Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Агартуу министрлиги тарабынан беришили керек”
– Контрактын көтөрүлүшү ата-энелер үчүн же жогорку окуу жайга тапшырууну каалаган 18 жашка толгон жарандар үчүн оор. Ошол эле учурда кесип тандоодо кыйынчылык жаралып, жаштар өзү каалагандай билим алуусуна кедергисин тийгизет. Мисалы, жөнөмдүү бала өзүнүн тандаган кесибинин контрагынын кымбаттыгынан каалаган багытта билим ала албай калуусу мүмкүн. Мунун жыйынтыгы келечекте ар кандай тармакта кадрдык таңкыстыктын жаралышына алып келиши мүмкүн.
Менин пикиримде, бул маселенин алдын алып, туруктуу контрактык түзүмдөрдү жөнгө салуу кажет. Муну тиешелүү министрлик көзөмөлгө алып, Монполияга каршы жөнгө салуу комитет мороторий киргизи, колго алса болот.
Борбор Азиядагы Америка Университетинин (БААУ) инновациялык колледжиндеги контрактын баасы 7500 доллар. Түрк кесиптештер тарабынан уюштурулган орто менчик мектептер дагы жылына 4000ден 5000 долларга чейин. Бул баалар айтканга жеңил болгон менен ата-энелер үчүн оор эле. Албетте, кымбаттыгына карабай окутуп жаткан ата-энелер бар.
Контрактык баалар боюнча негизи демилге Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Агартуу министрлиги тарабынан беришили керек деп ойлойм. Ошондуктан баалар боюнча абитуриенттер үчүн бардык окуу жайларда шарттар түзүлсө жакшы болмок.
Жолдошбек Дюшебаев, медик:
“Мамлекет тарабынан атайын квоталарды бөлүштүрүү же жеңилдик берүү жактарын иштеп чыгуу зарыл”
– Жогорку окуу жайлардагы контрак төлөмдөрүнүн кыбатташы илим жаатындагы ар кайсы тармактар боюнча заманбап жабдуулардын алынып келишине жана чет жактан мугалимдерди тартып, алар менен кызматташууга мүмкүнчүлүк түзөт. Анткени, бир канча жылдык эмгек тажрыйбасы бар профессор аз акчага иштебейт.
Албетте, айлык акы университеттерде канча, мекеме өзү камсыздайбы же мамлекет тарабынан төлөнөбү кабарым жок. Бирок менин билишимче, жогорку окуу жайларындагы жабдуулар төлөнгөн контрактын кандайдыр бир пайызынан алынып келинет.
Экинчиси маселе, баалардын жогорулашы ата-энелерге оорчулук жарата турган болсо, муну көп балалуу ата-энелерге, жакшы окуган балдарга карата мамлекет тарабынан атайын квоталарды бөлүштүрүү же жеңилдик берүү жактарын иштеп чыгып, шарттарды иштеп чыгып, буга көбүрөөк басым жасышы керек деген пикирдемин. Анткени контрактын арзан же кымбат болушу окуймун деген балага эч кандай таасирин тийгизбейт.
Эскете кетсек, 2024-жылдын август айында жогорку окуу жайлардагы контракттын кымбатташы боюнча ошол учурдагы Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева тушүндүрмө берген.
Анын айтымында сапаттуу жогорку билим берүү арзан болбошу керек.
“Студенттерден түшкөн акча менен университеттер окуу шарттарын жакшыртышат. Белгилүү болгондой, акыркы үч жылдан бери ЖОЖдордо окуу акысын көтөрүүгө мораторий киргизилген. Бирок үч жылдын ичинде экономика өзгөрдү, айлык акы, пенсия көбөйдү. ЖОЖдордо окуу акысы 300-500 долларды түздү. Ошол эле учурда балдар жеке мектептерде жылына 5-15 миң долларга билим алышат. Жогорку окуу жайдын баасы өтө төмөн болбошу керек”, – деген министр.
Д. Кендирбаеванын айтымында, азыр ЖОЖдун окутуучулары жеке мектептердеги мугалимдерге караганда аз айлык алышат, бирок андай болбошу керек.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева




















