Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас Европа биримдиги мындан ары өзүнүн коопсуздугу маселелеринде АКШга толук ишене албай турганын жана коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн өз алдынча активдүү өнүктүрүшү керектигин билдирди.
Бул тууралуу «Европейская правда» басылмасы жазды.
28-январда Брюсселде өткөн Европалык коргонуу агенттигинин конференциясында сүйлөгөн Каллас Европанын АКШнын тышкы жана коргонуу саясатындагы артыкчылыктуу багыт болбой калганын белгиледи. Анын айтымында, Евробиримдик жаңы геосаясий шарттарга ыңгайлашып, өз коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти өзү алышы зарыл.
«Мен абдан так айтайын. Биз бекем трансатлантикалык байланыштарды каалайбыз. АКШ Европанын өнөктөшү жана союздашы бойдон калат. Бирок Европа жаңы реалдуулуктарга ылайыкташышы керек: Европа мындан ары Вашингтон үчүн негизги тартылуу борбору эмес», — деп белгиледи Каллас.
Европалык дипломатиянын башчысы Атлантика океанынын аркы тарабында болуп жаткан түпкү багыттын өзгөрүшү трансатлантикалык мамилелерди түп-тамырынан солкулдатканын айтты.
«Бул өзгөрүү бир топ убакыттан бери уланып келет. Ал убактылуу эмес, структуралык мүнөзгө ээ. Бул Европанын активдешүүсү керек дегенди билдирет. Тарыхта бир да улуу держава өзүнүн жашоосун аутсорсингге берип, аман калган эмес», — деп баса белгиледи Евробиримдиктин башкы дипломаты.

















