Ирандагы туруктуулук бүтүндөй аймактын коопсуздугу үчүн маанилүү, ал эми бардык маселелер күч колдонуу менен эмес, жалаң гана диалог аркылуу чечилиши керек. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан On the Record программасына берген маегинде журналист Хэдли Гэмблге билдирди.
Министр Иран аймактагы коңшу жана ири мамлекет экенин эске салып, ал жакта болуп жаткан окуялар Түркияга түздөн-түз тиешеси бар экенин айтты.
«Ошондуктан Ирандагы туруктуулук баарыбыз үчүн маанилүү», — деди Фидан.
Дипломат дал ушул себептен Иран менен эл аралык коомчулук ортосундагы көйгөйлөр диалог жолу менен чечилиши керектигин баса белгилеп, диалог аларды жөнгө салуунун жалгыз натыйжалуу жолу экенин айтты.
Фидан ошондой эле Ирандагы оппозиция, нааразылык акциялары жана демонстрациялар бийликке керектүү сигналдарды жеткире албаганын белгиледи. Анын айтымында, Тегеран эл аралык система менен өз ара аракеттенүүдөгү кыйынчылыктардан улам калкка экономикада жана башка тармактарда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө кыйналып жатат. Ошол эле учурда, иран бийлиги нааразылыкка чыккандардын муктаждыктарын жана талаптарын эске алышы керектигин кошумчалады.
«Ооба. Биздин сунуш дал ушунда. Иран аткара турган кадамдар бар», — деп кошумчалады министр.
Анын пикиринде, Иран бар мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланышы үчүн тышкы саясатын жана коопсуздук саясатынын айрым аспектилерин өзгөртүшү зарыл. Түркиянын дипломатиясынын башчысы Ирандагы же анын айланасындагы окуялар ислам республикасында режим алмашууга алып келет дегенге ишенбей турганын айтты.
«Мен америкалык досторума муну кылбоону (Ирандын ички иштерине кийлигишпөөнү) кеңеш берем. Анткени алар Иранга буга чейин эле өтө катуу басым көрсөтүп жатышат. Санкциялар иран экономикасына зор зыян келтирүүдө», — деди Фидан.
Ошол эле учурда ал Иран сүйлөшүүлөргө даяр экенин, бирок диалог үчүн туура форматты табуу керектигин белгиледи. Министр ошондой эле Иран өзүн «бурчка такалгандай» сезсе, эң жаман сценарийге даяр болушу мүмкүн экенин эскертти.
«АКШ менен өзөктүк маселе боюнча макулдашууга жетишүүгө болот деп эсептейм. Бирок учурда америкалыктар өзөктүк маселеден тышкары дагы башка суроолорду көтөрүп жатышат», — деп жыйынтыктады дипломат.















