Eurasiatoday
Шаршемби, 18-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Кремль Уиткофф менен Кушнердин Москвага келүү убактысын атады

  • Россия
  • 22.01.2026 17:33

Loading

Песков: Уиткофф жана Кушнер Москвага кечки саат 7–8ден кийин келишет.

Уиткофф менен Кушнер Москвага жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 19:00–20:00дөн кийин келишет жана көп өтпөй Путин менен жолугушат. Песковдун айтымында, сүйлөшүүлөрдө Украинадагы жөнгө салуу жана «башка кошумча темалар» талкууланат.

АКШ президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткофф жана мамлекет башчысынын күйөө баласы Жаред Кушнер Москвага жергиликтүү убакыт боюнча 19:00–20:00дөн кийин келишет. Бул тууралуу Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Тема боюнча

АКШнын союздаштары Трамптын Си Цзиньпин жана Путин менен боло турган саммитине тынчсызданууда

АКШнын союздаштары Трамптын Си Цзиньпин жана Путин менен боло турган саммитине тынчсызданууда

17.11.2026

«Бүгүн кечинде, так убактысын азыр айта албайм, бирок так айта турганым — кечки саат 7–8ден кийин Кушнер менен Уиткофф Москвага келишет. Андан кийин алардын [Россия президенти Владимир] Путин менен жолугушуусу болот», — деди Песков (ТАСС агенттигине шилтеме менен).

Анын айтымында, сүйлөшүү Украинадагы жөнгө салуу жана «башка кошумча темалар» тууралуу болот.

Уиткофф буга чейин Кушнер менен бирге 22-январдын кечинде Россияга учуп чыгып, Москвага түн ичинде келерин билдирген. Кремль 22-январда Россия президентинин графигинде Уиткофф менен байланыштар бар экенин айткан. Атайын өкүл жолугушуу бейшембиге белгиленгенин да мурдараак белгилеген.

Акыркы жолу Уиткофф менен Кушнер Путин менен америкалык тарап иштеп чыккан жаңжалдын жөнгө салынышы боюнча тынчтык планын 2025-жылдын 2-декабрында талкуулашкан. Кремлдеги сүйлөшүүлөр болжол менен беш саатка созулган.

Жаңы сүйлөшүү айлампасы тууралуу айта жатып, Уиткофф АКШ Украинадагы жаңжалды жөнгө салууну ийгиликтүү аяктоого бел байлап турганын баса белгиледи. Анын сөзүнө караганда, процесс акыркы баскычта турат жана «бир эле маселени» чечүүгө келип такалган.

Так кайсы маселе экенин Уиткофф тактаган жок. «Сүйлөшүүлөр кайсы баскычта экенине байланыштуу кандайдыр бир комментарий бергибиз келбейт», — деди өз кезегинде Песков.

Мурда Путин Уиткофф жана Кушнер менен талкуулаган темалардын арасында аймактар маселеси да болгонун президенттин жардамчысы Юрий Ушаков айткан. Ал учурда бул боюнча «компромистик вариант табылган эмес» деген. Ошол эле маалда айрым америкалык сунуштар «аздыр-көптүр кабыл алууга жарамдуу» экенин Ушаков белгилеген.

Песковдун такташынча, Путин менен америкалык делегациянын кезектеги сүйлөшүүлөрүнө Юрий Ушаков катышат жана алар аяктагандан кийин комментарий берет. Брифинг телефон байланышы аркылуу уюштурулат.

Путин менен жолугушууга чейин америкалык делегация украин өкүлдөрү менен жолугушууну пландап жатат, ал эми Москвадагы сапардан кийин тынчтык планын «жумушчу топтордун» деңгээлинде талкуулоо үчүн БАЭге жөнөйт.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Кушнерорус-америка мамилесиПесковПутинСтив Уиткофф
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

В. Путин АТЭС саммитине катышуу үчүн Шэньчжэнь шаарына келди

В. Путин АТЭС саммитине катышуу үчүн Шэньчжэнь шаарына келди

18.11.2026
АКШнын союздаштары Трамптын Си Цзиньпин жана Путин менен боло турган саммитине тынчсызданууда

АКШнын союздаштары Трамптын Си Цзиньпин жана Путин менен боло турган саммитине тынчсызданууда

17.11.2026
ЖМК: Путин, Трамп жана Си Цзиньпиндин жолугушуусу алдын ала макулдашылган күн тартибисиз өтөт

ЖМК: Путин, Трамп жана Си Цзиньпиндин жолугушуусу алдын ала макулдашылган күн тартибисиз өтөт

16.11.2026
Зеленский: Трамп көңүлдү Ирандагы кырдаалдан алаксытууга аракет кылууда

Зеленский: Трамп көңүлдү Ирандагы кырдаалдан алаксытууга аракет кылууда

22.10.2026
Трамп менен Путиндин келишими Батышты кантип бөлүп-жарат?

Трамп менен Путиндин келишими Батышты кантип бөлүп-жарат?

13.10.2026
Путин: ЕБ Орусиянын өнүгүшүн чектөө үчүн Украинаны «замбиректин жемине» айлантып жатат

Путин: ЕБ Орусиянын өнүгүшүн чектөө үчүн Украинаны «замбиректин жемине» айлантып жатат

26.09.2026
Ким Чен Ын Орусияга «өзгөрбөс колдоо» көрсөтүүгө убада берди

Ким Чен Ын Орусияга «өзгөрбөс колдоо» көрсөтүүгө убада берди

15.09.2026
Песков Путиндин АКШ өкүлдөрү менен жолугушуусу тууралуу: «Тынчтыкка карай кичинекей кадам»

Песков Путиндин АКШ өкүлдөрү менен жолугушуусу тууралуу: «Тынчтыкка карай кичинекей кадам»

07.09.2026
Кремль: Путин АКШнын БЧБ башчысы Жон Рэтклифф менен жеке жолуккан эмес

Кремль: Путин АКШнын БЧБ башчысы Жон Рэтклифф менен жеке жолуккан эмес

31.08.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
215 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.