Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Аргентинанын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (ИРСК) бир бөлүгүн кылмыштарга тиешеси бар деп айыптаган соңку чечимин кескин айыптап, аны негизсиз жана улуттук коопсуздукка шек келтирген кадам деп атады.
Дүйшөмбү күнү жарыяланган билдирүүдө Ирандын ТИМи Аргентинанын бул аракеттерин мыйзамсыз жана тышкы басымдын, айрыкча сионисттик режимдин таасири астында жасалган деп мүнөздөдү. Бул билдирүү Аргентинанын өкмөтү ишемби күнү ИРСКтин «Кудс» күчтөрүн жана 13 адамды террорист деп тааныгандан кийин жасалды.
Тышкы иштер министрлиги бул чечим эки тараптуу мамилелерге гана коркунуч жаратпастан, эл аралык дипломатияда кооптуу прецедент түзүп, Аргентина үчүн юридикалык кесепеттерге алып келерин белгиледи.
«Аргентинанын өкмөтүнүн салттарга жана эл аралык укукка каршы келген, геноцид жана оккупация жүргүзүп жаткан сионисттик режимдин тукуруусу жана басымы астында кабыл алынган чечими Аргентина менен Ирандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерге олуттуу зыян келтирип гана тим болбостон, мамлекеттер аралык мамилелерде кооптуу прецедент түзөт. Анын юридикалык жана саясий кесепеттери Аргентинанын өкмөтүнүн өзүнө жүктөлөт», — деп айтылат билдирүүдө.
ТИМ ошондой эле 1994-жылы Аргентинадагы еврей борбору (AMIA) жардырылган окуя боюнча уланып келе жаткан айыптоолорду сынга алды. Бул иштин ачылбай келатышын Аргентинадагы сот системасындагы саясий кызыкчылыктар жана коррупция менен түшүндүрүп, мындай аракеттер фактыларды бурмалоого жана чыныгы күнөөлүүлөрдү жашырууга багытталганын билдирди.
1994-жылдын июль айында Буэнос-Айрестеги Аргентиналык израилдиктер ассоциациясынын еврей борбору (AMIA) жардырууга кабылып, маалыматтарга караганда 85 адам каза болуп, 300гө жакыны жаракат алган.
Бул террордук акт ушул күнгө чейин толук ачылган эмес жана иликтене элек, бирок Израиль анда Иранды туруктуу түрдө айыптап келет. Тегеран акыркы отуз жыл ичинде бул айыптоолорду бир нече ирет четке каккан.
Аргентина президент Хавьер Милейдин тушунда Израиль менен тыгыз мамиле түздү. Ал бул режимдин ачык колдоочуларынын бири болуп калды.
Милей Израилдин Газа секторуна каршы улантып жаткан геноциддик аракеттерин колдоп, Тель-Авив менен дипломатиялык мамилелерди үзгөн же элчилерин чакыртып алган башка латын америкалык лидерлердин көпчүлүгүнөн айырмаланды.
Ошондой эле Милей жакында Аргентина Израиль тарабынан оккупацияланган аймактардан элчиликтерин Тель-Авивден Эль-Кудска (Иерусалимге) көчүргөн өлкөлөрдүн катарына кошуларын билдирген.
Өз билдирүүсүндө Ирандын Тышкы иштер министрлиги Ислам революциясынын сакчылар корпусунун мыйзамдуулугун ырастап, анын Ирандын суверенитетин жана улуттук коопсуздугун коргоо максатында иш алып барарын белгиледи.
«Иран Ислам революциясынын даңктуу Сакчылар корпусу — иран элинин рухунан жаралган суверендүү институт. Ал өзүнүн легитимдүүлүгүн Конституциядан жана иран элинин эркинен алат жана башка куралдуу күчтөр менен бирге өлкөнүн көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн жана улуттук коопсуздугун коргоо боюнча өз милдетин татыктуу аткарат», — деп айтылат билдирүүдө.
ТИМ ошондой эле АКШ менен Израилдин ИРСКти алсыратууга багытталган кампаниясын айыптап, мындай аракеттер Ирандын өз кызыкчылыктарын коргоо чечкиндүүлүгүн солгундата албасын белгиледи.

















