Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи душмандардын Венесуэлага каршы колдонгон ошол эле кутумду Иранда ишке ашыруу аракеттери токтотулганын билдирди.
Ал Бейрутка болгон сапары учурунда Almanar телеканалына берген маегинде санкциялардан улам бир катар кыйынчылыктар бар экенине карабастан, Ирандагы жалпы абал жакшы экенин айтты.
Анын айтымында, сионисттик режимдин өкүлдөрү «Моссад» күчтөрү Тегеранда жана Ирандын башка шаарларында жакында болгон башаламандык окуяларында белгилүү бир роль ойногонун билдиришкен.
2025-жылдын июнь айында АКШ жана израилдик режим тарабынан Иранга каршы башталган 12 күндүк согушту эске салган тышкы иштер министри, душмандар Венесуэлада колдонулган эле схеманы Иранда да ишке ашырууну пландап, Иранды үч күндүн ичинде багындырабыз деп эсептешкенин, бирок бул аракеттер ишке ашпай калганын белгиледи.
Израилдин премьер-министринин «улуу Израиль» жөнүндөгү кыялына шылдың менен токтолгон Аракчи Нетаньяху аймактагы бардык өлкөлөргө коркутууларды жасаганын, бирок Ливанда жана Иранда күчтүү каршылыкка туш болгонун айтты.
Ошондой эле ал Иран өз ара сый-урматка негизделген адилеттүү жана ар-намыстуу келишимге даяр экенин тастыктап, Тегеран АКШнын да ушундай ниети бар экенине толук ишене албасын билдирди.

















