Ирандын БУУдагы миссиясы АКШны өлкөдөгү баш аламандыктарды козутту деп айыптады. Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Иравани бул тууралуу БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутеррешке жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин төрагасына кат жолдоду.
Ирандын БУУдагы өкүлү АКШ менен Израилдин координацияланган аракеттери тууралуу билдирди.
«АКШ менен сионисттик режимдин (Израилдин) координацияланган жүрүм-туруму айкын көрүнүп турат. Алар козутуучу билдирүүлөр, саясий сигналдар жана ачык коркутуулар аркылуу зомбулукту колдоп, террористтик топторду колдошуп, коомду дестабилдештирүүгө түртүп, “колдоо”, “куткаруу” же “иран элин коргоо” деген шылтоолордун алдында тынч нааразылык акцияларын зордук-зомбулукка айланган башаламандыктарга айлантууга аракет кылышкан», — деп айтылат Иран өкүлүнүн катында.
Ошондой эле туруктуу өкүл АКШны Ирандын ички иштерине кийлигишүүдө айыптап, мындай «мыйзамсыз жана жоопкерчиликсиз» жүрүм-турумду кескин айыптады.
Анын айтымында, АКШнын дестабилдештирүүчү аракеттери БУУнун Уставын жана эл аралык укукту бузат.
Белгилей кетсек, Иран бийлиги башаламандыктарга катышкан адамдарга өлүм жазасын колдонуу мүмкүн экенин эскерткен.

















