Иран полициясынын өкүлү Саид Монтазер аль-Махди өлкө боюнча кырдаал турукташканын билдирди.
«Жер-жерлердеги байкоолор өлкөнүн ар кайсы шаарларында коомдук абал туруктуу жана тынч экенин көрсөтүүдө», — деп билдирди ал.
Анын сөздөрүн Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясы келтирди.
Анын айтымында, өлкөнүн айрым шаарларында гана чакан топтордун чогулуусу катталган.
8-январда Иранда 1979-жылы тактан кулатылган шахтын уулу Реза Пехлевинин чакырыгынан кийин нааразылык жүрүштөрү өткөн. Социалдык тармактардагы видеолор акциялардын кеңири жана массалык мүнөздө өткөнүн көрсөткөн. Ошол маалда Иранда интернет байланышы убактылуу өчүрүлгөн.
Кийинчерээк Реза Пехлеви ирандыктарды кайрадан көчөгө чыгууга чакырган. Айрым массалык маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык, жума күнү кечинде Тегеранда жана башка бир катар шаарларда дагы нааразылык акциялары өткөн.
Ирандагы нааразылык акциялары 2025-жылдын декабрь айынын аягында улуттук валюта — иран риалынын кескин арзандашына байланыштуу башталган. Алгачкы этапта нааразылыктын негизги себеби валюта курсунун кескин өзгөрүшү жана анын дүң жана чекене бааларга тийгизген таасири болгон. Бирок кийинчерээк Ирандын айрым шаарларында башаламандыктар болгон.
Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңеши өлкөдөгү башаламандыкты уюштурууга АКШ менен Израилди айыптады.

















