Россиянын президенти Владимир Путин менен Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан Ашхабадда Тынчтык жана ишеним эл аралык жылына, Бейтараптыктын эл аралык күнүнө жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгына арналган форумдун алкагында жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Путин Россия менен Ирандын ортосундагы мамилелер позитивдүү өнүгүп жатканын белгиледи.
Россия лидери Иран тарап менен жолугушуулар үзгүлтүксүз негизде өтүп турарын эске салды.
“Жылдын башында биз жөн гана жолугушуп тим болбостон, стратегиялык өнөктөштүгүбүз боюнча абдан маанилүү, ар тараптуу келишимге кол койдук”, – деп баса белгиледи Путин.
Россиянын президенти Ирандын руханий лидери Али Хаменеиге эң жакшы каалоолорун жеткирүүнү өтүндү.
Ошондой эле соода жүгүртүүнүн өсүшүнө токтолуп, өткөн жылы товар жүгүртүү 13 пайызга, ал эми быйылкы жылдын алгачкы тогуз айында дагы 8 пайызга көбөйгөнүн айтты.
РФ лидери эки өлкө тең “Бушер” атомдук электр станциясынын долбоору жана инфраструктураны өнүктүрүү, айрыкча Түндүк-Түштүк транспорттук коридору сыяктуу ири демилгелер боюнча кызматташып жатканын баса белгиледи.
Ошондой эле Москва менен Тегерандын ортосундагы газ, электр энергиясы жана айыл чарба тармактарында кызматташуу мүмкүнчүлүгү талкууланып жатканын кошумчалады.
Путин Иран менен өзөктүк программа боюнча тыгыз байланышта экенин билдирди.
“Албетте, биз бардык маанилүү эл аралык маселелер, анын ичинде Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу бардык маселелер боюнча тыгыз байланыштабыз. Биздин позициябызды билесиздер, биз Бириккен Улуттар Уюмунда Иранды колдойбуз”, – деди Путин.
Өз кезегинде Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Владимир Путин менен кайрадан жолугушканына кубанычта экенин айтып, Россиянын эл аралык аренада Ирандын саясий позициясын колдоп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал стратегиялык өнөктөштүк тууралуу документте каралган бардык макулдашууларды ишке ашырууга Иран тарап толук даяр экенин белгиледи.
Пезешкиандын айтымында, Астара – Решт темир жол багыты боюнча иштер активдүү жүрүп жатат: 100–110 чакырым аралыктагы жер тилкелери алынган, жыл аягына чейин бүтөт.

















