Иран, Кытай жана Сауд Аравиясынын ортосундагы үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү раунду Пекиндэ өтөт деп ирандык дипломат маалымдады.
Ирандын тышкы иштер министринин саясий маселелер боюнча орун басары Маджид Тахт Раванчи шаршемби күнү Tasnim агенттигине берген маегинде региондук кызматташтык боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөр боюнча демилге келечекте ишке ашырыларын билдирди.
Ал төртүнчү раунд жакын арада Пекиндэ өтөрүн баса белгиледи.
9-декабрда Тегеранда Пекин келишимин ишке ашыруу үчүн түзүлгөн Иран, Сауд Аравиясы жана Кытайдын үч тараптуу комитетинин үчүнчү жолугушуусу болуп өткөн.
Жолугушуу Тахт Раванчинин төрагалыгы алдында өтүп, ага Сауд Аравиясынын тышкы иштер министринин орун басары Валид аль-Хурайджи жана Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Мяо Дэюй катышкан.



















