Ушул жуманын башында Кыргызстандын Энергетика министрлиги, Sonningdale Limited жана “РЭЦА” ЖЧКсы Ысык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк айылында күн электр станциясын куруу боюнча инвестициялык кошумча келишимге кол коюшту.
Бул кошумча макулдашууга кол коюу күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруудагы маанилүү этап болгондуктан Энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбековго кайрылып, бир катар суроолорго жооп алдык.
– Алтынбек Дурусбекович, күн электр станциясын куруу, иштетүү иштери кандай жүрүп жатат жана кайсы компаниялар менен иш алып барылууда?
– Кыргызстанда күн электр станциясынан кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүү, салттуу энергия булактарына көз карандылыкты азайтуу максатында биздин министрлик Кытай менен Вьетнамдын Sonningdale Limited жана “РЭЦА” ЖЧК компаниялары менен келишим түзүп, Ысык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк айылында күн электр станциясын куруу боюнча инвестициялык кошумча келишимге кол коюлду. Учурда аталган долбоордун алкагында жумушчулар үчүн убактылуу турак жайлар курулуп жатат. Көмөкчордондун жана 110 кВ электр берүү линиясынын пайдубалын куюу иштери да жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, күн батареялары үчүн кронштейндер орнотулууда. Жалпы кубаттуулугу 104,5 МВт болгон күн батареялары аянтка жеткирилген. Ошол эле маалда персонал үчүн курулмаларды жана инфраструктураны орнотуу иштери жүрүүдө.
Акыркы маалдагы климаттык өзгөрүүлөрдүн негизинде суунун аздыгы көйгөй жаратып жаткандыктан күн нуру жана шамалдан электер энергия станцияларын куруп чыгуу биздин өлкөдө гана эмес, дүйнө жүзү боюнча активдүү жүрүп жатат.
– Күн панелдеринен электр энергиясын өндүрүү кадимки ГЭСтерден эмнеси менен айырмаланат?
– Күн панелдери жарым өткөргүч материалдарга негизделген. Фотоэлектрдик конверсиядан кийин жарык энергиясын сиңирүү үчүн фотоэлектрдик материалдарды колдонуу, электр тогун жаратат. Процесс күндүн нурун электр энергиясына айландыруу аркылуу иштейт жана күндүн табигый энергиясы үйлөрдү, ишканаларды жана башкаларды камсыз кылуу үчүн колдонулат. Бул кандайча болот: Күн клеткалары күндүн нурун кармайт, туруктуу электр энергиясын түзүү жана колдонула турган өзгөрмө токко (AC) конверсия.
Күн панелдери биринчи кезекте бир нече негизги компоненттерден турат. Алардын ар бири күн нурун электр энергиясына айландыруу үчүн маанилүү ролду ойнойт. Колдонулган негизги материалдардын бөлүштүрүлүшү, фотоэлектрдик (PV) клеткалар, айнек, плёнка, каркас жана өткөргүчтөрдөн турат.
– Экологияга зыяны болбойбу?
– Күн батериялары электр энергиясынын салттуу булактарынан түп тамырынан бери айырмаланат. Анткени мында отун күйбөйт. Же болбосо татаал агрегаттардын катышуусусуз эле электр энергиясы өндүрүлөт. Жылуулук электр станцияларынан айырмаланып көмүр жагылбайт, газ иштетилбейт. Көмүр, газдан көз карандысыз табигый күн нурунан электр энергиясын иштеп чыгуучу станция. Көмүр кычкыл газы, күл же болбосо уулуу калдыктар дагы бөлүнүп чыкпайт. Кала берсе аба менен суу дагы булганбайт. Ошондуктан күн батериялары энергиянын эң таза булактарынын бири болуп саналат.
– Күн панелдери Кыргызстандын бардык аймактарына курулабы?
– Азырынча күн панелдери Кыргызстан үчүн жаңылык болуп жаткан менен башка мамлекеттерде иштеп жатат. Ошондуктан биз кошуна Өзбекстан, Казакстанда курулуп, иштеп жаткан станцияларга барып, алардын практикасында болуп өткөн куруу, иштөө жана документтештирүү иштери менен таанышып келгенбиз. Бул аракеттердин баары Кыргызстандын энергетикасындагы таңкыстыкты жоюу максатында долбоорлорду ишке ашырып жатабыз. Учурда түзүлгөн келишимдердин 80%дан көбүрөөгү Ысык-Көл облусуна туура келүүдө. Балыкчы шаарынан тышкары Ысык-Көл районундагы айылдарга курулууда.
Мындан тышкары, Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында да жумуштар башталды. Талас облусунда дагы мүмкүнчүлүктөр бар болгондуктан, сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Эң негизгиси кичинекей кубаттуулуктагы же бир МВТ станциялардагы күн панелдери коюлган жерлер бар бизде.
Бишкекте “ГРК Солар Энерджи” жоопкерчилиги чектелген коому 1 МВт кубаттуулукту күн нурунан иштелип чыгуучу панелдерин орнотушту. Бүгүнкү күндө мамлекеттик имараттардын дагы чатырчасына күн панелдерин коюу боюнча программаларды иштеп чыгып жатабыз. Биздин энергетика министрлигинин чатырына дагы күн панелдери коюлган. Имаратка канча энергия кете турган болсо 30% дан 70 %га чейинкисин күн нуру камсыздап берип жатат. Эгерде көпчүлүк мекемелерге мына ушул күн панелдерин орното турган болсок, электр энергияга болгон талаптардын көпчүлүк бөлүгүнө күн панелдери жардам бермек.
Имараттардын чатырында панелдердин иштеши боюнча эч кандай маселе жаралбайт. Кадимкидей эле автоматизация менен коюлат. Муну күн сайын бирөө карап турушу деле шарт эмес. Жөнөкөй шартта иштей берүүчү станция болуп эсептелинет. Бирок сезондон көз каранды болот. Кыш мезгилинде электр энергиясы 30 %дан 50 %га чейин азайышы мүмкүн.
Быйылкы кыштын аягына чейин 100 мегаваттык кубаттуулуктагы күн нурунан иштелип чыгуучу электр станциясы ишке берилгени турат. Ага 15-16-декабрга чейин мөөнөттөр коюлган.
– Панелдердин жабдуулары кайсы мамлекеттен келет?
– Жабдуулардын бардыгы Кытайдан келип жатат. Ар бир алып келинген жабдуунун өзүнүн мөөнөтү бар жана тараптар буга өздөрү кепилдик беришет. Себеби инвесторлор станцияларды жакшы сапаттагы жабдуулар менен салууга өздөрү кызыкдар. Ошондуктан сапаты боюнча маселе жок. Учурда айрым жабдуулары келди. Сертификаттары, заводдон берген кепилдиктери бар. Жогоруда белгилегенимдей, аны күн сайын карап туруунун кереги жок. Болгону кандайдыр бир убакыттын ичинде эгер көбүрөөк чаң басып калган болсо же аба ырайына байланыштуу кар калың жааганда тазалоо иштери жүргүзүлүшү мүмкүн.
-Жаан чачындуу күндөрдө кантип энергия топтойт?
– Күн чыгып турган маалда энергия көп топтолот. Эгерде күн бүркөлүп, жаан-чачын жааса, анда электр энергиясын иштеп чыгуу токтойт. Бирок жылдан жылга сапаты жакшырып бараткандыгына байланыштуу панелдерде күн нуру жаркырап эле тийип бериши шарт эмес. Азыраак тийген учурда дагы энергияны иштеп чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Башкача айтканда күн чыккандан баштап, күн батканга чейин.
Ал эми шамал багытында да станциялар Балыкчыда орнотулуп жатат. Ал жерде шамал күнү-түнү жүргөндүктөн, энергиянын иштелип чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору.
– Тарифтик баасы кандай болот?
– Тариф боюнча эч кандай маселе жок. “Кыргызстан улуттук электр тармагы”ААКсы күн электр станциясынан электр энергияны сатып алып, элге бүгүнкү күндө кандай тариф менен сатып жаткан болсо, ошол тариф менен берилет. Эч кандай тарифтик баада өзгөрүү болбойт. Биз күн нурунан электр энергия алабызбы, ГЭСтерден алабызбы айырмасы жок. Тарифтик саясат өзүнүн нугунда жүрө берет.
Маектешкен Турдайым Кожомбердиева




















