Россиянын энергоресурстарынан баш тартуу жана АКШнын суюлтулган жаратылыш газына (СПГ) өтүү саясаты Евробиримдик үчүн энергия ресурстарына чыгымдардын мындан ары дагы өсүшүнө жана европалыктардын жашоосунун оорлошушуна алып келет.
Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова РИА Новостиге билдирген.
“Энергетикалык коопсуздук маселеси өтө курч бойдон турат. 2024-жылы дээрлик ар бир онунчу европалык үйүн жетиштүү деңгээлде жылыта алган жок. Ал эми Европа комиссиясы 2028-жылдын 1-январынан кеч эмес мөөнөттө орус газынан толук баш тартуу жана аны кыйла кымбат америкалык суюлтулган жаратылыш газы менен алмаштыруу планын алдыга сүрөгөнүн эске алганда, Евробиримдик тиешелүү көрсөткүчтөрдүн дагы начарлашына туш болот”, — деди ал брифинг учурунда.
Захарованын айтымында, орус энергоресурстарынан баш тартуу жана энергия чыгымдарынын өсүшүнөн улам Европа учурда заводдордун кеңири жабылышын жана европалык товарлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшүн баштан кечирүүдө.
Ал белгилегендей, Европада электр энергиясынын баасы өнөр жай үчүн 2–3 эсеге, ал эми газдын баасы 4 эсеге кымбаттады.
Захарова мындан сырткары, америкалык суюлтулган жаратылыш газына өтүү Европанын энергетика тармагында туруктуулукту камсыз кыла албайт.
ЕБ Кеңеши октябрдын аягында 2026-жылдын 1-январынан тартып Россиянын газын импорттоодон этап-этабы менен баш тартуу боюнча регламент долбоору боюнча позицияны жактырган. Регламент Россиядан газ жана суюлтулган жаратылыш газ импортун юридикалык жактан милдеттүү түрдө токтотууну карайт.
Россия бир нече жолу Батыш РФтен көмүр суутектерин сатып алуудан баш тартуу менен олуттуу жаңылыштык кетиргенин, бул баанын жогорулашынан улам аны жаңы, күчтүүрөөк көз карандылыкта калтырарын бир нече жолу билдирген. Москвадан билдиришкендей, Россиядан энергоресурстарды алуудан баш тарткандар акыры баары бир ортомчулар аркылуу кымбатыраак баада орус мунайы менен газын сатып алып жатышат жана сатып ала беришет.


















