АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы согушту токтотуу үчүн Украинанын НАТОго мүчө болуу кыялынан биротоло баш тартуусун талап кылган планды сунуштады.
Бул тууралуу “Fars News” агенттиги CNN телеканалына шилтеме берип кабарлады.
Маалыматка караганда, АКШнын администрациясы Киевге жаңы планды сунуштады, ага ылайык Украина НАТОго мүчөлүк амбицияларын конституциясында сактай алат, бирок иш жүзүндө аскердик альянска кошулуу мүмкүнчүлүгүнөн биротоло ажырайт.
CNN жаңы план Трамптын согушту токтотуу боюнча өткөн айда сунушталган 28 пункттан турган сунушунун жаңыртылган версиясы экенин жазды.
Трамптын планынын мурунку вариантында АКШ Украинадан НАТОго мүчө болуу максатынан толугу менен баш тартууну суранган. Киев бул өтүнүчтү четке кагып, НАТОго мүчө болуу максаты өлкөнүн Конституциясында жазылганын жана аны өзгөртүүгө болбойт деп билдирген.
CNN жаңыланган планда Донбасстын айрым бөлүктөрүн өткөрүп берүүдөн тарта украин армиясын чектөөгө жана НАТОго мүчө болуусуна тыюу салууга чейинки талаштуу сунуштар камтылганын билдирди. Бул планды Вашингтон реалдуу деп эсептесе, Киев менен Европа “капитуляция каты” деп аташууда.


















