Судандагы эки жарым жылдан ашык убакыттан бери уланып келе жаткан куралдуу кагылышуу 21,2 миллион адамды – калктын 45 пайызын ачарчылыктын алдында калтырды. Өлкөнүн эки шаарында ачарчылык расмий түрдө тастыкталды. Булар Эль-Фашир жана Кадугли шаарлары.
Бул маалымат Бириккен улуттар уюмунун расмий баракчасына жарыяланды.
“Судандагы ачарчылык согуштун түздөн-түз кесепети. Эки жарым жылдан ашык убакыттан бери уланып келе жаткан куралдуу кагылышуулар 21,2 миллион адамды – калктын 45 пайызын – ачарчылыктын алдында калтырды. Эки шаарда ачарчылык расмий түрдө тастыкталды. Бирок, согуш басаңдап, гуманитардык уюмдар муктаж болгондорго жардам ала баштаган жерлерде, начар тамактануу деңгээли төмөндөй баштады”,- деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жеткен аймактарда жардамдын көлөмү көбөйүп, калкка олуттуу жардам алып келди. Бирок, кагылышуулар уланып жаткан жерлерде, калктуу конуштар гуманитардык жардамдан ажыратылган жана кырдаал оор бойдон калган.
Уюм 2024-жылдын апрелинен бери, айрыкча ачарчылыктын алдында деп эсептелген Эль-Фашир жана Кадугли шаарлары курчоого алынгандан бери оор кырдаал жаралып жатканын эскертип келет.
“Судандагы БУУнун Азык-түлүк программасынын операциялары кырдаалды өзгөртүүгө жардам берди. 2024-жылдын декабрында он район ачарчылыктан жабыркаган деп классификацияланган болсо, алардын тогузу кийинчерээк бул категориядан алынып салынган же “ачарчылык коркунучунда” статусуна түшүрүлгөн. Негизинен аймактарга жардам үзгүлтүксүз жеткирилип турган”,- деп айтылат билдирүүдө.
БУУ берген маалыматка ылайык, 2025-жылдын башынан бери ачарчылык тастыкталган аймактарда жана ачарчылыктын алдында турган аймактарда жардам алган адамдардын саны үч эсеге көбөйгөн. Акыркы алты айдын ичинде бул аймактарда болжол менен 1,8 миллион адам ай сайын БУУнун Азык-түлүк программасынын жардамын алышкан. Бул аймактардагы муктаж болгондордун 85 пайызын түзөт.
Өткөн жыл 2024-жылы дээрлик жетүүгө мүмкүн болбогон аймактар Хартумга, Аль-Жазира, Түндүк Дарфурдун, Нуба тоолоруна жана Кадуглиге гуманитардык жардамды калыбына келтирилген.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын 15-апрелинде башталган Судандагы жарандык согуш үчүнчү жылына кирип баратат.
Дүйнөлүк маалымат каражаттарында сейрек айтылып жаткан бул согуш миллиондогон адамдардын өмүрүн талкалады.
Маалыматтарга караганда, 12 миллиондон ашык адам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон. Ал эми үч миллиону чет өлкөгө качып кеткен. Суданда азыр дүйнөдөгү башка өлкөлөргө караганда жер которгон адамдардын саны көбүрөөк.
Маалымат иретинде:
Судан – Африканын түндүк-чыгышындагы, Кызыл деңиз менен чектешкен өлкө. Анын борбору – Хартум. Судан Египет (түндүктө), Эритрея (чыгышта), Эфиопия (түштүк-чыгышта), Түштүк Судан (түштүктө), Борбордук Африка Республикасы (түштүк-батышта), Чад (батышта) жана Ливия (түндүк-батышта) менен чектешет. Африканын эң маанилүү суу жолдорунун бири болгон Нил дарыясы анын аймагы аркылуу агат. Административдик жактан ал 18 вилаяттан (штаттардан) турат.
Калкынын саны 46 миллиондон 49 миллионго чейин. Судандын калкынын көпчүлүгү, тагыраагы 70%дан ашыгын судандык арабдар түзөт.















