Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сауд Арабия Падышалыгынын борбору Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан VI Ислам шериктештиги оюндарында финалда Ирандын балбаны Амир Абдини 6:1 эсебинде жеңип, алтын медалга ээ болду.
Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 кг чейинки салмакта күч сынашты. Ал алгачкы беттеште тунистик балбанды, андан кийин Египеттин балбанын мөөнөтүнөн мурда жеңип алды. Жарым финалда спортчу Катардын балбанын утуп алган.
Акжол Махмудов 2021-жылы өткөн Ислам шериктештиги оюндарынын да жеңүүчүсү болгон.
Ушул эле күнү грек-рим күрөшү боюнча балбандар Раззак Бейшекеев жана Асан Жанышов коло медаль утушту.
67 кг салмак категориясында күч сынашкан Раззак Бейшекеев коло медаль утту. Ал 3-орун үчүн болгон беттеште Египеттин балбаны Мохамед Абдельрехимди 9:0 эсебинде жеңип алды.
87 кг салмак категориясында күч сынашкан Асан Жанышов 3-орун үчүн болгон беттеште Азербайжандын балбаны Ислам Аббасовду 9:0 эсебинде утуп, коло медаль тагынды.
Эр-Рияд шаарындагы VI Ислам шериктештиги оюндары 7-ноябрдан 21-ноябрга чейин уланат.
Аталган оюндарга Кыргызстандын атынан 89 спортчу, 35 машыктыруучу жана команда мүчөлөрү катышууда. Кыргызстандык спортчулар жалпы 19 спорт түрү боюнча таймаштарда күч сынашууда.






















