Бирок каттын мазмуну жарыяланган жок.
Сауд Аравиясынын мураскер ханзаадасы жана премьер-министри Мухаммед бин Салман Аль Сауд АКШга барар алдында жана АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуу алдында Ирандын президенти Масуд Пезешкиандан кат алды. Бул тууралуу Саудиянын маалымат агенттиги кабарлап, каттын мазмуну ачыкка чыгарылган жок.
Королдук кеңсенин маалыматы боюнча, мураскер ханзаада 17-ноябрь күнү расмий иш сапары менен АКШга учуп кеткен. Анын Трамп менен жолугушуусу 18-ноябрга пландалган.
Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, Эр-Рияд АКШдан Катарга буга чейин берилген коопсуздук кепилдиктерине окшош шарттарды алууга умтулууда. Сентябрдын аягында АКШ президенти Катар аймагына, суверенитетине жана маанилүү инфраструктурасына каршы кандай гана болбосун куралдуу чабуулду АКШнын тынчтыгы жана коопсуздугу үчүн коркунуч катары кароо тууралуу жарлыкка кол койгон. Мураскер ханзааданын визити алдында Трамп АКШ Сауд Аравиясына бешинчи муундагы F-35 аскердик учактарын жеткирүүнү пландап жатканын билдирген.
20-октябрда Иран ТИМинин өкүлү Эсмаил Багаи Тегеран арачылар аркылуу Вашингтон менен байланышты улантып жатканын айткан. Анын айтымында, Иран тынч атомду өнүктүрүү укугу сакталып калган шартта ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөргө дагы эле ачык.

















