Ирандын Айыл чарба жихад министри Гуламреза Нури өлкөнүн мал чарбачылыгы үчүн керектелген вакциналардын болжол менен 80 пайызы, ал эми адамдар үчүн колдонулуучу вакциналардын 75 пайызы өлкөнүн ичинде өндүрүлөрүн билдирди.
Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, министр Рази атындагы сыворотка жана вакцина институтунун Түндүк-Батыш бөлүмүнө барып, ал жактын жетекчилери жана кызматкерлери менен жолугушуу учурунда бул илимий мекемени «өлкөнүн эң сыймыктуу илим жана саламаттык уюмдарынын бири» деп баалады.
Ал 102 жылдык тарыхы бар Рази институту адам жана мал-жандыктар саламаттыгы үчүн ошондой эле улуттук экономика үчүн теңдешсиз роль аткарып келерин белгиледи.
Министрдин айтымында, өлкөдөгү адам жана мал-жандыктар үчүн керектелген вакциналардын негизги бөлүгү дал ушул институтта чыгарылат жана анын мүмкүнчүлүктөрү дагы да кеңейтилет.
Нури кошумчалалагандай, 95% адамга арналган биологиялык продукциялар жана бардык мал чарбачылыгына тиешелүү вакциналар Рази институтунда өндүрүлөт. Бул көрсөткүч институттун тарыхый ордун жана маанилүү ролун ачык көрсөтөт.

















