Eurasiatoday
Жекшемби, 29-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Банк эсептерин бөгөттөө: Германиянын ирандык бейтаптардын өмүрү менен саясий оюну

  • Батыш Азия, Башкы жаңылыктар, Европа
  • 14.11.2025 18:03

Loading

Ирандын гемофилия борборунун директорлор кеңешинин кеңешчиси Ахмад Кавидель Германия өкмөтүнүн саясий мамилесин сынга алды. Анын айтымында, Германиянын Ирандын банк эсептерин чектөөсү өлкөдөгү оор абалдагы бейтаптардын өмүрүн коркунучка кептөөдө.

Mehr агенттигинин маалыматына ылайык, Ахмад Кавидель Германиядагы EIH банкынын Иранга таандык, дары жана медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн колдонулуп келген эсептеринин бөгөттөлүшүнөн кийин бул чечимди “адамгерчиликсиз, мыйзамсыз жана эл аралык милдеттенмелерге каршы” деп атады.

EIH банкындагы эсептер эмне үчүн маанилүү жана анын бөгөттөлүшү бейтаптарга кандай коркунуч жаратат?

Тема боюнча

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026

Кавиделдин айтуусунда, гемофилия менен ооругандар үчүн өтө маанилүү болгон үч препарат — Фактор XIII, фибриноген жана гумата — Иранга CSL Behring  биофармацевтикалык компаниясынан сатып алынып келген. Бул компаниянын америкалык акционери бар болгондуктан, АКШнын адамкерчиликсиз санкцияларынан улам, бул компаниядан сатып алуулар көп жылдар бою европалык валюта менен  камсыздалып келген. Б.а. АКШнын бир канча ирандык банктарга салган санкцияларынан кийин бул валюта дары-дармек жана медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн ушул банк аркылуу гана берилген.

Күтүүсүздөн Германия EIH банкынын Иранга таандык эсептерин “механизмдин ишке кириши” деген жүйө менен жабып салды. Бул эсептер тек гана дары-дармек, медициналык жабдуулар жана гуманитардык керектөөлөр үчүн пайдаланылып келген.

Мындай иш-аракет практикада бейтаптар үчүн дарынын негизги булагын кескин токтотуу дегенди билдирет. Гемофилия, талассемия, рак жана башка оор илдеттер менен жашаган миңдеген адамдардын өмүрү түздөн-түз кооптуу абалга келди.

Кавидель билдиргендей, эгер Германиянын Ирандагы элчиси адамгерчиликти жана ден соолук укугун бир аз болсо да бааласа, бейтаптардын, өзгөчө аялдар менен балдардын, дарысыз кантип азап тартып жатканын барып көрүп, өз өкмөтүнө жеткириши керек.

EIH банкынын Иран үчүн ролу

1971-жылдан бери иштеп келе жаткан “Europaeisch-Iranische Handelsbank” (EIH) ондогон жылдар бою Иран менен Европанын ортосундагы мыйзамдуу соода көпүрөсү болуп келген. Анын негизги акционерлери — Ирандын Mellat, Tejarat, Sanad жана Mine банктары. Бардык ишмердүүлүгү Германиянын каржы көзөмөл органдарынын алдында жүргүзүлүп келген.

АКШнын санкцияларынан улам Ирандын көпчүлүк банктарынын эл аралык төлөм каналдары жабылган шартта, EIH — дары жана медициналык жабдуулар үчүн европалык компанияларга түз төлөм жүргүзө алган саналуу банктардын бири эле. Эми бул каналды жабуу ирандык бейтаптардын жашоосу саясий оюндардын курмандыгы болуп жатканын билдирет.

Кавиделдин айтымында, Германия эл аралык жыйындарда адам укуктарын коргоо тууралуу сүйлөйт, бирок иш жүзүндө Ирандын дары сатып алуу эсептерин жаап коюу менен саясаттык басым бейтаптардын өмүрүнөн да маанилүү экенин көрсөттү.

Ал белгилегендей, кызыгы — АКШнын өзүнө караштуу Каржы министрлиги расмий түрдө дары-дармек жана гуманитардык товарлар санкцияга кирбесин билдирген. Бирок Германия бул чечими менен саясатты адамдык моралдан жогору койду.

Германия өкмөтүнө кайрылуу

“Биз Германиянын өкмөтүнөн “эл аралык эрежелерди” карманабыз деген өлкө бейтаптардын каржылык ресурстарын саясий чечимдердин барымтасына айлантууга кантип жол берип жатканын түшүндүрүп берүүнү суранабыз”, — деди Кавидель.

Анын айтымында, бул чечимден улам дары-драмектен ажыраган ирандык бейтаптардын өмүрү үчүн түздөн-түз Германия жооптуу болот.

“Дары-дармекке санкция салуу — бул элге санкция эмес, бул адамзатка каршы санкция”, — деп баса белгиледи ал.

Эл аралык коомчулукка кайрылуу

Ирандын гемофилия борборунун директорлор кеңешинин кеңешчиси Ахмад Кавидель Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун, Дүйнөлүк гемофилия федерациясын, Эл аралык Кызыл Крестти жана жарандык уюмдарды бул кырдаалга үн катпай отурбоого чакырды.

Анын айтымында, дары-дармекке жетүү укугу – бул адамдын ажырагыс укугу жана аны саясий басымдын куралына айландырууга эч бир өлкөнүн укугу жок.

Кавиделдин пикиринде, Ирандын EIH банкындагы эсептерин жабуу — бул техникалык эмес, таза саясий жана моралга каршы чечим, ал миңдеген бейтаптардын өмүрүнө түздөн-түз коркунуч жаратат. Эгер Германия адамгерчиликти чындап жактайм десе, анда тез арада дары жана медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн эсептерди кайра ачышы керек.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Германиядары-дармекиран
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Катардын мурдагы премьер-министри Ирандын катышуусунда Перс булуңунун саммитин өткөрүүнү жана «Перс булуңунун НАТОcун» түзүүнү сунуштады

Катардын мурдагы премьер-министри Ирандын катышуусунда Перс булуңунун саммитин өткөрүүнү жана «Перс булуңунун НАТОcун» түзүүнү сунуштады

28.11.2026
Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Бийликти алмаштыруу же Иранды куралсыздандыруу: Трамп чындыгында эмнеге жетишүүнү көздөп жатат?

Бийликти алмаштыруу же Иранды куралсыздандыруу: Трамп чындыгында эмнеге жетишүүнү көздөп жатат?

27.11.2026
Кувейтте дрон чабуулунан Италиянын эки жараны каза тапты. Иран бул окуяга катыштыгын четке какты

Кувейтте дрон чабуулунан Италиянын эки жараны каза тапты. Иран бул окуяга катыштыгын четке какты

27.11.2026
Иран  өзөктүк программасын токтотууну көздөбөйт

Иран  өзөктүк программасын токтотууну көздөбөйт

27.11.2026
Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

26.11.2026
Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

26.11.2026
Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

26.11.2026
Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

26.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
224 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.