Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Тышкы иштер министрлиги Түркиянын тиешелүү органдарынын жардамы менен Сирия Араб Республикасына 150 тоннадан ашык гуманитардык жардам жеткирди.
Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган жардамдын алкагында, Сирия тарапка ун, күрүч, кумшекер, өсүмдүк майы сыяктуу керектүү азык-түлүк товарлары жөнөтүлгөн.
“Бул гуманитардык жардам акциясы Кыргызстан элинин жана мамлекет башчысынын тынчтыкты, коопсуздукту чыңдоого жана муктаж өлкөлөргө жардам көрсөтүүгө болгон даяр экендигин билдирет”,-деп айтылат маалыматта.
Сирия өкмөтүнүн өкүлдөрү өлкө президенти Ахмед Хуссейн аш-Шараанын жана Сирия элинин атынан Кыргызстандын президентине жана элине терең ыраазычылык билдиришти.
— “Сиздердин колдооңуздар азыр өзгөчө маанилүү. Сирия эли Кыргызстандын бул кадамын бир туугандык колдоо катары кабыл алат”, — деп белгилешти алар.
Тараптардын тийиштүү өкүлдөрүнүн жолугушуунун жүрүшүндө аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле эки өлкө ортосундагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.




















