Иран Каспий деңизине чыгуу мүмкүнчүлүгү бар түндүктөгү Гүлистан провинциясынын жээгинде атомдук электр станциясын (АЭС) курууну баштады. Бул тууралуу Иран Ислам Республикасынын Атомдук энергия уюмунун башчысы жана вице-президенти Мохаммад Эслами билдирди.
“Чоң аракеттердин натыйжасында биз Голестан провинциясынын жээгинде атомдук электр станциясын куруу долбоорун баштай алдык, бул үчүн ылайыктуу жер тилкесин таптык”, — деп Атомдук энергия уюмунун басма сөз кызматы Эсламидин сөзүн келтирет.
Анын айтымында, жалпысы 20 миң мегаватт электр энергиясын өндүрүү максатына жетүү үчүн дагы бир нече атомдук станциялар курулат — бул максатты Ислам Республикасынын жогорку лидери койгон.
“Пландардын негизинде өлкөнүн ар кайсы аймактарында туруктуу жана таза ядролук энергетика керектүү электр энергиясы менен камсыз кыла ала тургандай атомдук электр станциялары курулат”, — деди ал.
Ошондой эле, Эслами Хузестан провинциясындагы, 1979-жылкы Ислам революциясына чейин башталган АЭСти бүтүрүү маселеси да күн тартибине киргизилгенин белгиледи.
2024-жылдын декабрь айында Голестан провинциясынын бийлиги калкка жетиштүү электр энергиясын камсыз кылуу максатында провинция аймагында АЭС куруу өтүнүчү менен өлкөнүн Атомдук энергия уюмуна кайрылган.

















