Россия улуттук жана эл аралык маселелер боюнча Иран менен тыгыз жана конструктивдүү кызматташууну улантат, — деп билдирди Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова бейшемби күнү өткөн маалымат жыйынында.
Анын айтымында, Москва менен Тегерандын ортосундагы диалог үзгүлтүксүз жүрүп жатат жана көпчүлүк маселелер боюнча эки өлкөнүн позициялары жакын же толугу менен дал келет.
«Көп тараптуу стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишим 2025-жылдын 2-октябрында күчүнө кирди. Ал документ эки тараптын өз ара координациясын чыңдоого багытталган. Анын негизинде өлкөлөр коңшу аймактарда, анын ичинде Жакынкы Чыгышта тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөө боюнча кызматташууда», — деди Захарова.
Ал ошондой эле мындай деп баса белгиледи:
«Ушул багыттарды эске алуу менен, биз Тегеран менен тыгыз жана конструктивдүү кызматташууну улантууну көздөп жатабыз».


















