Москва шаарында SJ-100 жарандык учактарын Индияда өндүрүү боюнча меморандумга кол коюлду.
ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, Индиянын мамлекеттик корпорациясы ички рынок үчүн учактарды чыгарууга уруксат алды.
Россиялык SJ-100 жүргүнчү учактарын Индия рыногу үчүн өндүрүү тууралуу меморандумго Москвада кол коюлду. Документке Россиянын «Бирдиктүү авиакурулуш корпорациясы» (БАК) жана Индиянын Hindustan Aeronautics Limited (HAL) компаниясы кол койду.
«Документ SJ-100 учактарын Индияда өндүрүүнү баштоону жана HAL компаниясына ички заказдарды аткаруу үчүн тиешелүү укуктарды берүүнү карайт», — деп айтылат билдирүүдө.
Индия тарап белгилегендей, SJ-100 учактарынын чыгарыла башташы өлкөдөгү кыска аралыктагы ички авиакаттамдарды өнүктүрүүгө багытталган UDAN программасына оң таасир берет.
Маалыматка ылайык, бул долбоор Индияда акыркы ондогон жылдарда жүргүнчү учактарын толук өндүрүү боюнча биринчи учур болуп саналат.
Акыркы ушундай долбоор — AVRO HS-748 учагынын чыгарылышы — Индияда 1988-жылы аяктаган болчу.


















