Армения менен АКШ “Трамп жолун” (“Эл аралык тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү үчүн Трамп жолу” Trump Route for International Peace and Prosperity – TRIPP) ачуунун техникалык деталдарын активдүү талкуулашууда. Бул маршрут Азербайжандын негизги бөлүгүн Нахичевань менен туташтыра турган жол болуп, Армениянын Сюник облусунун аймагынан өтмөкчү.
Бул тууралуу парламент жыйынында Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян билдирди.
“Армения менен АКШнын ортосунда “Трамп жолун” ишке ашыруу үчүн зарыл болгон компанияны түзүү жана жергиликтүү деңгээлдеги ар түрдүү техникалык маселелерди чечүү боюнча сүйлөшүүлөр башталып, активдүү стадияда жүрүп жатат. Бирок кандай гана чечимдер кабыл алынбасын, баары Армениянын аймактык бүтүндүгү жана юрисдикциясынын алкагында ишке ашырылат”, — деди Мирзоян.
Эске салсак, 8-августта АКШнын президенти Дональд Трамптын катышуусунда Вашингтондо өткөн үч тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында Пашинян менен Алиев Баку менен Еревандын ортосундагы тынчтык келишими жана Азербайжандын негизги бөлүгүн Нахичевань менен байланыштырган транспорттук коммуникацияны түзүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшкан. Бул долбоор “Эл аралык тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү үчүн Трамп жолу” деген аталышты алган.



















