Музейдин коопсуздук кызматкерлери ууруларга жардамдашкан болушу мүмкүн.
Францияда Лувр музейин тоноого шектелген экинчи адам кармалды. Ал француз императрицаларына таандык, баасы €88 миллионго бааланган зер буюмдардын уурдалышына катышкан деп шектелүүдө. Ал Париждин чет жакасында, биринчи шектүү камакка алынгандан бир нече саат өткөн соң кармалган. Биринчи шектүү Алжирге качып кетүүгө аракет кылып жаткан учурда аэропорттон кармалган. Бардыгы болуп төрт адам изделүүдө. Музейдин калган баалуу буюмдары шашылыш түрдө Франция Банкынын сактоочу жайына өткөрүлүп берилди.
Францияда 26-октябрда полиция Луврду тоноого шектелген кишини Руасси аэропортунан кармады. Ал Алжирге учаар алдында болгон. Бир күн мурун эле дагы бир шектүү Париждин Сена-Сен-Дени департаментинин аймагында кармалганын Le Figaro кабарлады.
Маалыматка ылайык, операцияны бандитизмге каршы күрөшүү бригадасы (BRB) чек ара полициясынын жардамы менен өткөргөн. Экинчи шектүүнү Париждин соттук полициясы кармаган.
«Эки эркек адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары уурулук жасаган жана кылмыштуу коомго катышкан» деген айып менен камакка алынганы Le Figaro басылмасы белгилейт.
Шектүүлөрдүн Париж жана анын тегерегиндеги кыймылдарын видеокамералардын жазуулары аркылуу аныкташкан. Полиция коомдук жана жеке байкоо системаларындагы видеолорду талдап чыккан. Тергөөнүн версиясы боюнча, Луврдун коопсуздук кызматкерлери ууруларга музейдин алсыз жактары тууралуу маалымат берип турушу мүмкүн. Себеби алар болгону жети мүнөт ичинде баалуу буюмдарды уурдап, байкалбай качып кетишкен. The Telegraph басылмасы тергөөчүлөр күзөтчүлөрдүн сүйлөшүүлөрүн жана кат алышууларын изилдеп жатканын жазат. 20дан ашык адам суракка алынган.
Париж прокурору Лор Бекко кийинчерээк эки шектүү 25-октябрдын кечинде кармалганын ырастады. Ал маалыматтын мезгилсиз тарап кетишин сындап, бул тергөөнүн жүрүшүнө жана калган кылмышкерлерди табууга тоскоол болушу мүмкүн экенин айтты.
Баалуу буюмдардын уурулугу
Луврдагы уурулук 19-октябрда болгон. Белгисиз адамдар Апполон галереясына кирип, бир нече мүнөт ичинде тогуз зер буюмду — императрица Мария-Луизага (Наполеондун экинчи жубайы) таандык таажыларды, сөйкөлөрдү, шуруларды жана броштолорду, ошондой эле Мария-Амалия жана Голландиянын ханышасы Гортензия де Богарнеге тиешелүү үч кооз буюмду (шуру, сөйкө, таажы) уурдап кетишкен.
Мындан тышкары, императрица Евгениянын жыйнагынан төрт буюм — эки брошь, көйнөккө тагуучу бантик жана таажы да уурдалган. Жалпы зыян €88 миллионго бааланууда. Уурдалган зер буюмдар азырынча табыла элек, деп жазат Le Figaro.
RTL телеканалынын маалыматына караганда, 25-октябрда калган зер буюмдардын бир бөлүгүн — Апполон галереясынан жана башка залдардан — убактылуу сактоого Франция Банкынын жер алдындагы сактоочу жайына өткөрүшкөн. Кайсы экспонаттар берилгени айтылган эмес, бирок алардын арасында Апполон галереясындагы зер буюмдар жана башка баалуу экспонаттар болушу мүмкүн.
Франция Банкынын бул сактоочу жайы жерден 26 метр тереңдикте жайгашкан жана өлкөнүн алтын запасынын 90% ушул жерде сакталат. Музейдик экспонаттарды бул жайга өткөрүү «өзгөчө чара» деп мүнөздөлгөн. Мурда бул жерде Леонардо да Винчинин «Жазуу китепчелери», баасы €600 миллионго бааланып, сакталган.
Франциядагы уурулуктардын толкуну
Белгилүү болгондой, Лувр тонолгондон бир нече саат өтпөй, 19-20-октябрга караган түнү дагы бир музей — Лангр шаарындагы Дени Дидронун Үй-музейи тонолгон. Уурулар эшикти бузуп киришип, XVIII–XIX кылымдарга таандык 2000дей алтын жана күмүш тыйындарды уурдап кетишкен. Бул уурулук да «мыйзамсыз жана кылдат пландалган» деп мүнөздөлүүдө.
Мындан мурда, сентябрдын башында, Лимож шаарындагы Адриен Дюбуше улуттук музейи тонолгон. Уурулар терезеден кирип, кытай фарфору көрсөтүлгөн көргөзмөдөн бир нече экспонатты алып кетишкен. Зыян €9,5 миллион деп бааланган, уурдалган буюмдар табыла элек.
19-октябрдагы Луврдагы окуяда эки ууру Апполон галереясына курулуш тепкичи аркылуу кирип, дагы эки шериги аларды ылдыйдан скутер менен күтүп турган. Алар эки айнек витринаны бузуп, Наполеон I, Наполеон III жана алардын жубайларына таандык тогуз зер буюмду уурдап кетишкен. Жалпы зыян €87–88 миллион деп эсептелет.



















