Кытайлык компаниялар АКШнын Россиялык компанияларга каршы жаңы санкцияларынан улам мунай сатып алууну токтотушту. Бул АКШнын санкциялары киргизилгенден кийинки кадам болду.
Мындай маалыматты Reutersтин билдирүүсүнө таянып, Газета.ру агенттиги жазды.
Маалыматта Бээжин деңиз аркылуу күнүнө болжол менен 1,4 миллион баррель импорттой турганы, бирок мунайдын көпчүлүк бөлүгүн көз карандысыз мунай иштетүүчү заводдор сатып алаары белгиленген.
Андан тышкары, кытайлык мамлекеттик PetroChina компаниясы куурлар аркылуу күнүнө болжол менен 900 000 баррель алат.
Соодагерлер АКШнын чектөөлөрү анын ишине таасир этпейт деп эсептешет. Бирок компаниялардын өздөрү агенттиктерге комментарий берише элек.

















