Кыргызстандын президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу максатында, 2025-жылдын 17-ноябрында Бишкек шаарында дастанчылардын республикалык кароо-сынагы өтөт.
Иш-чараны Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Кыргыз улуттук “Манас” театры биргеликте уюштурууда.
Сынактын максаты — улуттук маданиятты сактап, өнүктүрүү, дастан жана эпостук мурастарды келечек муунга жеткирүү, жаш таланттардын өнөрүн элге таанытуу болуп саналат.
Министрликтин маалыматына ылайык, сынакка салттуу музыкалык искусствонун алып жүрүүчүлөрү, элдик дастандарды жана кенже эпосторду аткаруучулар, ошондой эле маданий жана музыкалык окуу жайлардын студенттери катыша алышат. Жаш чеги коюлбайт.
Биринчи айлампада катышуучулар “Курманбек”, “Жаныш Байыш”, “Аксаткын менен Кулмырза”, “Олжобай менен Кишимжан”, “Карагул Ботом”, “Кожожаш”, “Саринжи Бөкөй” сыяктуу чыгармалардын бирин аткарат.
Экинчи айлампада тандалып алынгандар өз каалоосундагы эки дастанды (ар бири 10–15 мүнөттөн кем эмес) аткарат.
Баалоодо аткаруунун нукуралуулугу, үн менен аспаптын айкалышы, тексттин тактыгы, сюжеттин жеткиликтүүлүгү жана профессионалдык чеберчилик эске алынат.



















