Россиянын президенти Владимир Путин 8-октябрда Тажикстанга мамлекеттик сапар менен келди. Аны Душанбе аэропортунан тажик президенти Эмомали Рахмон өзү тосуп алды. Эки өлкөнүн лидерлери быйыл төртүнчү жолу жолугушту. Алардын акыркы жолугушуусу ШКУнун Кытайдагы саммитинин алкагында өткөн.
Путин Тажикстанга сапарынын алкагында ошондой эле КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешине жана “Борбор Азия-Россия” экинчи саммитине катышат. Анын сапары 10-октябрга чейин созулат.
Мамлекеттик сапардын негизги иш-чаралары 9-октябрга белгиленген. Владимир Путин менен Эмомали Рахмондун жолугушуусу, андан соң делегациялардын сүйлөшүүлөрү пландалууда.
Россиялык ЖМКлар маалымдашкандай, орус делегациясынын курамына вице-премьер-министрлер Алексей Оверчук менен Марат Хуснуллин, коргоо министри Андрей Белоусов, каржы министри Антон Силуанов, ички иштер министри Владимир Колокольцев, экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников, өнөр жай министри Антон Алиханов, транспорт министри Андрей Никитин, юстиция министри Константин Чуйченко жана башка өкмөт мүчөлөрү кирди. Делегациянын курамында ошондой эле Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматтын башчысы Дмитрий Шугаев, “Росатомдун” башкы директору Алексей Лихачев жана Улуттук гвардиянын башчысы Виктор Золотов да бар. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюу, андан соң мамлекеттик кабыл алуу пландалууда.
Ошондой эле 9-октябрда түштөн кийин Путин менен Рахмондун Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын жетекчилери катыша турган “Борбор Азия-Россия” экинчи саммитине катышары күтүлүүдө. Саммиттин жыйынтыгында коммюнике жана 2025-2027-жылдарга карата биргелешкен иш-аракеттер планы кабыл алынат. Мындай биринчи саммит 2022-жылдын октябрында Астанада өткөн.
Сапардын үчүнчү күнү, 10-октябрда Путин КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Бул жыйынга Беларустун, Армениянын жана Азербайжандын лидерлери да катышат. Жыйында КМШнын алкагында ШКУга байкоочу статусун берүү маселеси каралат. Отурумдун жыйынтыгында коопсуздук жана укук тартиби боюнча документтерди бекитүү, ошондой эле аймактык энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кызматташуу жөнүндө Декларацияны кабыл алуу пландалууда. Кеңештин жыйынтыгында 2026-жылы КМШга төрагалык кылуу Түркмөнстанга өтөт.
Владимир Путин Тажикстанга болгон сапарынан кийин маалымат жыйынын өткөрөт.





















