Индия көп убакыттан кийин биринчи жолу орус мунайы үчүн төлөмдү кытай юаны менен жүргүзө баштады. Reuters агенттиги маалымдагандай, Индиянын эң ири мамлекеттик мунай компаниясы Indian Oil Corp бир нече партия орус мунайы үчүн юань менен эсептешкен.
Маалымат булактары билдиргендей, Россиядан мунай жеткирген трейдерлер Индиянын мамлекеттик компанияларынан кытай валютасына өтүүнү талап кылышууда. Себеби юань — рубль менен түз алмаштырылуучу сейрек валюталардын бири, бул Россиядагы өндүрүшчүлөр менен эсептешүүнү жеңилдетет.
Булактар белгилегендей, юань колдонуу Индиянын мамлекеттик мунай иштетүүчү заводдору үчүн орус мунайына жетүүнү жеңилдетет, анткени айрым трейдерлер башка валюталарды кабыл албай жатышат. Ошол эле учурда, ЕБ белгилеген баа чегин сактоо үчүн соодагерлер бааларды доллар менен көрсөтүп, бирок төлөмдү юань менен талап кылышат.
Юанга өтүү процесси — Россияга каршы Батыш санкцияларынан кийин күчөгөн глобалдык “дедолларизация” (доллардан баш тартуу) жараянынын бир бөлүгү. Санкциялар мунай рыногунун катышуучуларын альтернативдүү валюталарды — кытай юанын жана БАЭ дирхамын — колдонууга мажбурлаганын Reuters жазат.
Бул Индиянын юань менен эсептешүүгө жасаган биринчи аракети эмес. 2023-жылы индиялык мамлекеттик мунай заводдору кытай валютасында айрым төлөмдөрдү жүргүзүшкөн, бирок Кытай менен мамилелер начарлагандан кийин бул практика токтотулган.
Бүгүнкү күндө Индия — орус мунайынын эң ири сатып алуучусу. Батыш өлкөлөрү санкциялардан улам орус мунайынан баш тарткандан кийин, Индия арзандатылган баада мунай сатып алып келет. Азыркы учурда Россия Индиянын мунай керектөөсүнүн 40%ын камсыздайт, ал эми Украинадагы согуш башталганга чейин бул көрсөткүч 1%дан аз болчу.
Reuters эсептөөлөрүнө ылайык, арзан орус мунайынын импортунун өсүшү Индияга кеминде 17 миллиард доллар үнөмдөөгө мүмкүндүк берген.


















