Азербайжан АКШнын президенти Дональд Трамптын Газа тилкесиндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча тынчтык демилгесин колдой турганын билдирди. Бул тууралуу Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө таянып Anadolu агенттиги жазды.
“Биз АКШнын президенти Дональд Трамп тарабынан сунушталган Газадагы жаңжалды токтотуу боюнча комплекстүү планды кубаттайбыз. Туруктуу жана адилеттүү тынчтык үчүн милдеттенмелердин чын жүрөктөн аткарылышы, өз ара ишеним жана эл аралык мыйзамдарды урматтоо керек”, – деп айтылат маалыматта.
Азербайжандын ТИМинин билдирүүсүнө ылайык, туруктуу тынчтык жана жаңжалды саясий жактан жөнгө салуу үчүн туткундарды жана барымтадагыларды алмашууну, гуманитардык маселелерди чечүү, чыңалууну азайтуу жана ишенимди бекемдөө зарыл.
Мындан тышкары, министрлик эки мамлекеттин чечимине негизделген узак мөөнөттүү жөнгө салуу диалог жана жакшы ниет аркылуу гана ишке ашарын кошумчалаган.
Буга чейин өлкөнүн тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Анкарада Түркия, Азербайжан жана Өзбекстандын үч тараптуу механизминин экинчи жыйналышынын мааниси боюнча өткөн маалымат жыйынында Израил-Палестина жаңжалын эки тараптуу чечүүнү колдоорун билдирген.


















