АКШнын Бажы жана Чек ара күчтөрү Чикагодо мигранттарды камакка ала баштады.
Муну жергиликтүү ABC 7 агенттигинин билдирүүсүнө таянып РБК басылмасы жазды.
“Федералдык иммиграция агенттери жекшемби күнү түштөн кийин Чикагонун борборуна кирип келип, көп сандаган адамдарды кармашты”, – деп айтылат билдирүүдө.
Иллинойс штатынын губернатору Жей Прицкер шаарга келген офицерлер куралдуу болгонун айтып, алар шаардын жашоочуларын коркутуп жатат деп айыптады.
Бирок сентябрь айынын башында АКШнын президенти Дональд Трамп Чикагодогу кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн Улуттук гвардияны жайгаштырарын жарыялап, аны дүйнөдөгү эң кооптуу шаар деп атаган. Ал эми 11-августта Вашингтонду көзөмөлгө алып, борбор калаага Улуттук гвардияны жайгаштырууну жарыялаган. Муну ири шаарларда, анын ичинде Нью-Йоркто, Лос-Анжелесте жана Чикагодо “тартипти калыбына келтируу” ниети менен түшүндүргөн.
Буга чейин Fox News телеканалы Пентагондун өкүлдөрүнө шилтеме жасап, мыйзамсыз иммиграция жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча жалпы улуттук кампанияга АКШнын 19 штатында Улуттук гвардиянын 1700гө чейин аскери мобилизацияланат деп кабарлаган.
Социалдык тармактарда Чикагодо полиция кызматкерлеринин шаарга куралдуу киргендеги аракеттерин көрсөткөн видеолор пайда болуп, аларды чыгарып кетүүнү талап кылган демонстранттар да көрүлгөнү кабарланды.















