Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Велаяти: Snapback механизми Европанын дүйнөдөн обочолонуусун күчөтөт

  • Батыш Азия
  • 26.09.2025 12:07

Loading

Ислам революциясынын лидери аятолла Сейед Али Хаменейинин улук кеңешчиси Али Акбар Велаяти Европанын «жооп чараларынын механизми» деп аталган механизмди иштетүү чечими дүйнөлүк аренада Европанын өзүнүн гана обочолонуусун  күчөтөрүн эскертти.

Al Mayadeen телеканалына маек куруп жатып, ал Европанын Иранга каршы БУУнун санкцияларын кайрадан киргизүүгө умтулуусун «Батыштын иран элине карата көптөн берки душмандыгынын» далили катары баалады.

Анын айтымында, бул чечим БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2231-резолюциясынын маанайына каршы келет жана каршылык фронтуна кысым көрсөтүүгө, ошондой эле Ирандын илимий жана коргонуу өнүгүүсүнө бөгөт коюуга багытталган.

Тема боюнча

Иран америкалык аскерлерди Түштүк уюлга чейин сүрүп чыгарат

Иран америкалык аскерлерди Түштүк уюлга чейин сүрүп чыгарат

18.11.2026

«Бул кадам Европаны дүйнөнүн калган бөлүгүнөн дагы да көбүрөөк обочолойт», — деп Велаяти белгилеп кетип, «кайра кайтаруу механизми» эч кандай практикалык таасирге ээ болбогонун, болгону саясий жана пропагандалык курал катары колдонулганын айтты.

«Иран Ислам Республикасы ар дайым тынчтык дипломатиясына басым жасап келген, бирок мындай кутумдарга күч жана абийир менен жооп берет».

Ал Иран ишенимге, илимге жана улуттук биримдикке таянып, Батыштын кысымына карабастан өнүгүү жолун уланта берерин кошумчалады.

Башка бир сөзүндө Велаяти Израилдин Катарга болгон акыркы кол салуусун айыптап, АКШ менен Улуу Британияны сионисттик режимди колдогону үчүн сынга алды. Анын айтымында, ирандыктар «мусулмандарга каршы зомбулукка макул эмес» жана Иран ар дайым ислам өлкөлөрүн коргой турганын убада кылды.

«Биз сионисттик режимди жана аны колдогон америкалык жана британиялык тарапкерлерди Катарга каршы агрессиясы үчүн катуу айыптайбыз», — деди ал.

Велаятинин айтымында, Катарга жасалган чабуул «крест жортуулдарынын» уландысы болуп, орто кылымдарда мусулмандарга каршы жасалган мыкаачылыктарды эске салат. Ал Израилдин азыркы кылмыштуу аракеттерин Батыштагы радикал евангелисттик кыймылдар менен байланыштырып, Вашингтон менен Лондон бул чабуулда түз рол ойногонун белгиледи.

Анын айтымында, АКШ башында Катарды колдогону менен, сионисттик агрессия башталганда позициясын өзгөртүп, Израилди колдоп чыккан, бирок ХАМАСтагы каршылык командирлерин жок кылуу максатына жетпей калган соң, кайра көз карашын өзгөртүп, «бул аракеттерге каршы экенин» билдирген.

«Улуу Британиянын ролуна келсек, — деди Велаяти, — маалыматтарга ылайык, Британия сионисттик аскердик учактарды колдоо үчүн күйүүчү май ташуучу учак жөнөткөн. Бирок коомчулукту адаштыруу үчүн бул учууну катардык куралдуу күчтөр менен биргелешкен машыгуунун бир бөлүгү деп жарыялашкан. Бул фактылар Батыш державалары мусулмандарга каршы кылмыштарын улантып жатканын көрсөтүп турат. Мен ислам жана араб дүйнөсү бул ачуу тажрыйбадан, ошондой эле каршылыктын жетишкендиктеринен сабак алып, буга чейинкидей алдамчылыктарга алданбайт деп үмүттөнөм», — деди ал.

Велаяти Иран Ислам Республикасы ислам өлкөлөрүнүн суверенитети менен кызыкчылыктарын коргоодо ар кандай зарыл жардам берүүгө даяр экенин белгиледи.

Ливан жөнүндө сөз кылып жатып, ал «Хезболланы куралсыздандыруу» аракеттерин четке кагып, мындай пландар «ишке ашпай турганын, анткени каршылык бүгүн мурдагыдан да күчтүү, тажрыйбалуу жана чечкиндүү экенин» айтты.

Ал ошондой эле Ирактын Элдик мобилизация күчтөрү да АКШнын аймактагы пландарына каршы чечкиндүү экенин кошумчалады.

Газа сектору тууралуу ал Израилдин зомбулугун «адамзатка каршы кылмыш жана геноцидге аракет» деп атап, балдарды, кош бойлуу аялдарды, интеллигенция өкүлдөрүн жана маанилүү инфраструктураны бутага алган режимди айыптады.

Ал шашылыш чараларды кабыл алууга чакырып, анын ичинде гуманитардык коридорлорду ачуу, аскердик кылмыштар боюнча атайын трибунал түзүү, Израилге санкция киргизүү жана дүйнөлүк ЖМКлардын согушту эркин чагылдыруусун камсыз кылуу сунушун берди.

Велаяти АКШ президенти Дональд Трамптын саясатын Экинчи дүйнөлүк согуштун башындагы Гитлердин саясатына салыштырып, Вашингтон тарыхты кайталап, «эч жакка алып барбай турган жолго түшүп алганын» белгиледи.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Snapback механизмиАКШнын санкциясыАли Акбар Велаятииран
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Иран америкалык аскерлерди Түштүк уюлга чейин сүрүп чыгарат

Иран америкалык аскерлерди Түштүк уюлга чейин сүрүп чыгарат

18.11.2026
Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

18.11.2026
Аракчи: Ирандын Вашингтондо химиялык курал колдонору тууралуу айыптоолор — курулай сөз

Аракчи: Ирандын Вашингтондо химиялык курал колдонору тууралуу айыптоолор — курулай сөз

18.11.2026
Иран өзөктүк бомбага караганда алда канча жогорку илимий деңгээлге жетти — шейит болгон ирандык физик-ядерщиктин уулу

Иран өзөктүк бомбага караганда алда канча жогорку илимий деңгээлге жетти — шейит болгон ирандык физик-ядерщиктин уулу

18.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.