Oddity Central жазгандай, Кытайда дүйнөдөгү эң бийик көпүрө курулат. Анын бийиктиги 625 метр болот.
Кытайдын Гуйчжоу провинциясында жаңы дүйнөлүк рекорд койо турган көпүрөнүн курулушу аяктап баратат. Бэйпань дарыясынын үстүнөн өткөн Хуацзян Гранд-Каньон көпүрөсү деңиз деңгээлинен 625 метр бийиктикке жетет жана 2025-жылдын экинчи жарымында пайдаланууга берилет. Бул долбоор аймактын салттуу даңазасын улантат — Гуйчжоуда дүйнөдөгү эң бийик 100 көпүрөнүн жарымынан көбү жайгашкан.
Курулуш 2022-жылдын январында башталган, учурда иштердин 95%ы бүткөрүлгөн. Guizhou Highway Group компаниясынын башкы инженери Чжан Шэнлин билдиргендей, бул көпүрө «Кытайдын инфраструктуралык күчүн даңазалаган дагы бир символдук долбоор» болуп калат. Ал Бэйпань дарыясынын эң терең өрөөнүн — «Жер жаракасын» бириктирип, жолду бир сааттан бир мүнөткө чейин кыскартат.
Транспорттук маанисинен тышкары, көпүрө жаңы туристтик жайга айланат деп күтүлүүдө. Маяктардын биринде айнек лифт, панорамалык көрүнүш бар жана жылдыздарды байкоо үчүн кафе курулат. Ал эми «курч сезимдерди» сүйгөндөр үчүн айнек полу бар көрүү аянтчасы жана дүйнөдөгү эң бийик тарзанкадан секирүү жайы каралган.

















