Үстүбүздөгү жылы Перс булуңунун өлкөлөрү шенген визасынын үлгүсүндө бирдиктүү туристтик визаны башташат.
Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешине (GCC) кирген алты өлкө — Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Бахрейн, Кувейт жана Оман — бирдиктүү туристтик виза GCC Grand Tours долбоорун ишке киргизүүгө даярданууда.
Бул жаңы виза шенген визасынын аналогу болуп, чет элдик туристтерге ар бир өлкөгө өзүнчө виза албастан, регион ичинде эркин жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Сыноо түрүндөгү ишке киргизүү 2025-жылдын аягына пландалган.
GCCнин башкы катчысы Жасим Аль Будайвинин айтымында, визаны алуу санариптик платформа аркылуу жеткиликтүү болот, ал эми анын мөөнөтү 30 күндөн 90 күнгө чейин түзүлөт.
Долбоор бюрократиялык процедураларды жөнөкөйлөтүүгө, чыгымдарды азайтууга жана туризм тармагын, анын ичинде булуң өлкөлөрүнүн тургундарын да активдештирүүгө багытталган. Бирдиктүү виза региондогу транспорттук инфраструктураны, өзгөчө БАЭдеги Etihad Rail темир жолун натыйжалуу пайдаланууга жол ачат.
Программа маданий алмашууну күчөтүп, тургундардын жана туристтердин мобилдүүлүгүн жогорулатып, бардык алты өлкөнүн туристтик экономикасынын өнүгүшүнө салым кошору күтүлүүдө. Учурда булуң өлкөлөрү долбоорду коопсуз жана ийкемдүү баштоо үчүн техникалык жана көзөмөлдөө стандарттарын макулдашууда.



















