Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи 23-сентябрда Нью-Йоркто “евроүчтүк” өлкөлөрүнүн (Германия, Британия жана Франция) тышкы иштер министрлери жана европалык дипломатиянын башчысы Кая Каллас менен жолугуп, Ирандын өзөктүк программасы боюнча маселени талкуулады.
Ирандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, жолугушууда тараптар өзөктүк маселе боюнча дипломатиялык диалогду улантуу боюнча сунуштарды айтышты.
“БУУ тарабынан алынып салынган санкцияларды калыбына келтирүү жараянынын негизсиз жана мыйзамсыз демилгеленгендигин эске алып, бул жолугушууда дипломатиялык мамилени улантуу боюнча бир катар идеялар жана сунуштар талкууланып, бардык кызыкдар тараптардын консультацияларын улантуу чечими кабыл алынды”, — деп айтылат министрликтин расмий Telegram-каналында.
Арагчи Европа өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин көңүлүн Тегерандын Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик менен кызматташтыкты калыбына келтирүү боюнча жооптуу кадамдарына бурду жана европалык мамлекеттердин симметриялуу кадамдары зарыл экендигин баса белгиледи.
Буга чейин “Agence France-Presse” агенттиги француз дипломатиялык булагына таянып, тараптар келишимге жетишүү жана Иранга каршы санкцияларды калыбына келтирбөө үчүн 27-сентябрдын түн ортосуна чейин убакыт бар экенин кабарлаган.
Эске салсак, 28-августта Улуу Британия, Франция жана Германия (евроүчтүк) 2015-жылдагы өзөктүк келишим менен жоюлган Иранга каршы эл аралык санкцияларды кайра киргизүү механизмин ишке киргизүү тууралуу БУУнун Коопсуздук Кеңешине билдирүү жөнөтүшкөн.
Андан кийин, 19-сентябрда БУУнун Коопсуздук Кеңеши Иранга каршы санкцияларды калыбына келтирбөө боюнча резолюциянын долбоорун четке какты. Анын негизинде БУУнун санкциялары кайрадан күчүнө кирет деп күтүлүүдө. Ал 27-сентябрдан кийин ишке ашары болжолдонууда.



















