Европанын бир катар өлкөлөрү Франциянын артынан, БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында өткөн эки мамлекет түзүү чечими боюнча жогорку деңгээлдеги эл аралык конференцияда Палестина мамлекетин таануу тууралуу билдиришти.
CNN телеканалы маалымдагандай, Палестинаны тааныгандардын катарына эми Бельгия, Монако, Люксембург жана Мальта кошулду.
Бир күн мурда Улуу Британия, Канада, Австралия жана Португалия Палестинаны расмий түрдө тааныган эле.
Телеканал белгилегендей, учурда Палестина мамлекетин тааныган өлкөлөрдүн саны 145тен ашты.
Конференцияда сүйлөгөн Монаконун князы Альбер II өз өлкөсү Израилдин бар болушун бекем колдой турганын жана Палестинаны эл аралык укукка ылайык мамлекет катары тааный турганын билдирди. Ал Израиль менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосундагы жаңжалга тең салмактуу жана узак мөөнөттүү чечим табуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Люксембургдун премьер-министри Люк Фриден Палестинаны таанууну үмүттү, дипломатияны жана эки мамлекет түзүү чечимин кармануу катары баалады.
Бельгиянын премьер-министри Барт Де Вевер анын өлкөсү Палестинаны таанып, кубаттуу саясий жана дипломатиялык сигнал берип жатканын билдирди. Бирок бул чечим бардык туткундар бошотулгандан кийин жана ХАМАС Палестинаны башкаруудан четтетилгенден соң гана күчүнө кирерин кошумчалады.
«Жаңы Палестина мамлекети менен дипломатиялык мамилелерди натыйжалуу орнотуу, анын ичинде Бельгиянын элчилигин ачуу жана эл аралык келишимдерге кол коюу Нью-Йорк декларациясында көрсөтүлгөн максаттарга жетишилгенден кийин ишке ашырылат», – деди Де Вевер.
Ал эми Андорранын тышкы иштер министри Имма Тор Фаус анын өлкөсү белгилүү шарттарда Палестинаны таанууга даяр экенин билдирди. Анын айтымында, келечектеги палестиналык мамлекет демилитарищацияланган болушу керек жана ХАМАС менен байланышы жок реформаланган өкмөт тарабынан башкарылышы зарыл.
Палестинаны таануу толкуну Израилдин Газа шаарын басып алуу боюнча операциясын улантып жаткан шартта болуп жатат. 16-сентябрда БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши түзгөн комиссия Израил коргонуу армиясынын (ЦАХАЛ) палестин анклавындагы аракеттерин геноцид деп тааныган.



















