Казакстанда ала качуу үчүн жазалар күчөтүлдү. 16-сентябрдан тартып адам уурдоого жана мажбурлап никеге тургузууга байланышкан кылмыш-жаза мыйзамдарына өзгөртүүлөр күчүнө киргенин өлкөнүн ИИМи билдирди.
Буга чейин Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 125-беренесинде: эгерде ала качкан жаран өз ыктыяры менен кызды бошотсо, жазага тартылбай калышы мүмкүн эле. Эми бул норма алынып салынды. Жабырлануучу бошотулган күндө да кылмышкер жоопкерчиликтен кача албайт.
Мындан тышкары, жаңы 125-1-берене — “Мажбурлап никеге туруу” киргизилди. Бул мындан ары кылмыш катары эсептелет. Кылмышкерге айып пулдан тартып, түзөтүү иштери, эркиндигин чектөө же эркинен ажыратуу чаралары колдонулат. Айып пулдун өлчөмү 2000 айлык эсептик көрсөткүчкө чейин жетиши мүмкүн. Эркиндигинен ажыратуу мөөнөтү 2 жылга чейин каралган.
Эгерде мажбурлап нике тургузуу оор кесепеттерге алып келсе, анда жаза 5 жылдан 10 жылга чейинки абак мөөнөтүн түзөт. Мында зордук-зомбулук, жашы жете электерге каршы кылмыштар, кызмат абалынан пайдалануу же одамдардын тобу тарабынан жасалган учурлар айтылууда.
“Бул өзгөртүүлөрдүн максаты — никеге мажбурлоону алдын алуу жана биринчи кезекте аялдар менен өспүрүмдөр сыяктуу аярлуу топторду коргоо”, — деп белгиледи Казакстандын ИИМи.
Ала качуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушу 2023-жылы эле айтылган. Ал кезде Акыйкатчы кеңсеси Казакстанда кыздарды ала качуу көрүнүшү дагы деле бар экенин белгилеген. Кээ бир учурларда бул жагдай аялдардын жыныстык кол тийгистигинин бузулушуна, кордолууга, мыйзамсыз эркиндигинен ажыратууга жана өз жанын кыюуга алып келген.
Белгилей кетсек, кыздарды мажбурлап никеге туруу максатында ала качуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда да киргизилген.



















