Россия “евроүчтүктү” (Улуу Британия, Франция жана Германия) БУУнун Иранга каршы санкцияларын калыбына келтирүү аракеттеринен баш тартууга үндөдү. Бул тууралуу РФнын ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдирди.
“Биз Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планынын (JCPOA- өзөктүк келишим) катышуучулары болгон европалык өлкөлөрдү, тирешүүдөн баш тартып, “снепбэк” деп аталган туура эмес багытын кайра карап чыгууга ошондой эле Иран менен МАГАТЭ (Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик) ортосундагы Каир келишиминде белгиленген ядролук куралды жайылтпоонун кызыкчылыктарын биринчи орунга коюуга чакырабыз”, – деп баса белгиледи дипломат.
Анын айтымында, “евроүчтүктүн” БУУнун санкцияларын кайра жандандыруу боюнча “мыйзамсыз жана чагымчыл” аракети Ирандын тынчтык максатындагы атомдук ишмердигинин айланасында олуттуу кризис жаратууда.
“Мындай кырдаалда Британия, Германия жана Франциядан акылмандык жана алысты көрө билген мамиле талап кылынат”, – деди ал.
Захарова эске салгандай, 9-сентябрда Каирде Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен МАГАТЭнин башкы директорунун сүйлөшүүлөрү өтүп, анда Иранда кепилдиктерди колдонуу боюнча практикалык аспектилерге байланышкан келишим түзүлгөн.
“Каирдеги жолугушуунун үмүт жараткан жыйынтыктары абалды турукташтырып, ирандык ядролук программасынын айланасындагы чыңалган кырдаалды турукташтырат жана олуттуу жакшыртат”, – деди ал.
Евробиримдиктин 3 өлкөсү Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса, Иранга каршы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкцияларын жаңырта турган snapback механизмин ишке киргизүүнү пландаштырууда. Батыш өлкөлөрү бул механизмди 18-октябрда ишке киргизиши мүмкүн. Тегеран эгер санкциялар калыбына келтирилсе, өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминен чыгарын билдирген.
Иран ТИМи белгилегендей, санкцияларды калыбына келтирүү “БУУнун Коопсуздук Кеңешинин аброю үчүн олуттуу кесепеттерге алып келет”, анткени snapback механизмин негизсиз колдонуу уюмга болгон ишенимди солгундатат.
2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган. Андан бери келишимди кабылына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.


















