КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарынын атын “Манас” деп өзгөртүү чечими тууралуу ой бөлүштү. Анда ал шаардын атын өзгөртүү – анын да идеясы болгонун билдирди.
“Мен атайылап өз пикиримди буга чейин айткан эмес болчумун. Президент мыйзамга кол койсо, анан айтайын деп ойлогом. Чын-чынында Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү менин да идеям болчу деп айтсам болот, анан бул боюнча жарандардын суроолору да болду. Себеби шаардын атын өзгөрткөндө Жалал-Абад шаарынын жана башка аймактагылардын деле, анан менин да ичим ачышып атат. Анткени баарыбыз Жалал-Абадда төрөлдүк, чоңойдук, окудук дегендей, акылыбызга бул сиңип калган. Ал эми “Манас” деген сөз ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө бар, бирок ар биринин жүрөгүбүздө Жалал-Абад деген жок”,-деди Ташиев.
Ошондой эле Жалал-Абаддын аты жаман болбогонун, Жалал-Абад деген шаар Индонезияда да бар, Ооганстанда, Пакистанда, Индияда да бар экенин айтып, бирок “Манас” шаары бир гана бизде бар экенин кошумчалады.
“Ошондуктан президент туура чечим кабыл алды деп ойлойм. Келечекте, 20, 30, 50 жылдан кийин бизге рахмат айтышат, сыймыктана турган убакыт келет”, – деди ал.
Буга улай, өлкө борборун Манас шаарына көчүрүү тууралуу да үн катып, ал боюнча эч кандай ойлор жок экенин билдирди.
“Бирок Манас шаары Кыргызстандын борбору деп аталып калса, сонун эле болмок. Эгер андай маселе көтөрүлүп калса, чечимди эл кабыл алыш керек. Борбордун атын өзгөртүүгө же борборду которууну эл чечиш керек. Анан мындай маселени саясатчылар, жетекчилик же кайсы бир топ эмес, референдум аркылуу эл кабыл алышы керек”,-деди Ташиев.
Буга чейин белгилүү болгондой, Жалал-Абад шаарынын атын Манас деп өзгөртүү чечимин Жалал-Абад шаарынын мэри демилгелеп, аны шаардык кеңеш менен ЖК депутаттары колдогон. Кечээ, 17-сентябрда, президент Садыр Жапаров бул тууралуу мыйзамга кол койду жана ал жарыяланган күндөн тартып, 10 күндүн ичинде күчүнө кирет.




















