Өзбекстандын өнөр жайынын тарыхында биринчи жолу Устюрт аймагында 6500 метр тереңдикте скважина бургуланып, анын натыйжасында жаратылыш газынын ири кору бар экендиги аныкталды.
Бул тууралуу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев 15-сентябрда мугалимдер менен болгон жолугушууда билдиргенин Gazeta.uz. басылмасы жазды.
“Быйыл биздин өнөр жайдын тарыхында биринчи жолу Устюрт аймагында 6500 метр тереңдикте скважина бургуланып, абдан чоң газ кени ачылды”, – деп белгиледи мамлекет башчы.
Анын айтымында, буга чейин мунай-газ тармагында геологиялык чалгындоо иштери 2500-3000 метр тереңдикте гана жүргүзүлгөн. Ошондой эле Өзбекстанда технологиялык пайдалуу кендердин – теллур, литий, селен, графит, молибден, вольфрам, титан жана башкалардын чоң кору бар экенин белгиледи.
Ал кошумчалагандай, мындай ресурстардын дүйнөлүк корунун 10-15%ы Борбор Азия чөлкөмүндө, анын ичинде Өзбекстанда топтолгондугу болжолдонууда.
“Бул эбегейсиз ресурстарды жогорку кошумча нарктагы продукцияга айландыруу үчүн биринчи кезекте илим, билим жана инновация керек”, – деп баса белгиледи Шавкат Мирзиёев.
Өлкөнүн Энергетика институтунун маалыматы боюнча, Өзбекстанда 2024-жылдын акырына карата жаратылыш газынын тастыкталган кору 1,97 триллион куб метрди түзөт.
Ошол эле учурда акыркы жылдары бул өлкөдө өндүрүш төмөндөп, өткөн жылдын аягына карата 44,6 миллиард кубометр, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу (59,4 млрд) азайып 14,9 млрд куб метрди түзгөн.



















