Россиялык тарап акырындап «душман өлкөлөр» терминин колдонууна баш тартууда жана мамлекеттердин өздөрү эмес, алардын өкмөттөрү Россияга каршы душмандык мамиле кылат деген түшүнүктү карманууда.
Бул тууралуу РФнын ТИМ башчысы Сергей Лавров «Интервидение» конкурсунун даярдыгына арналган маалымат жыйынында билдирди.
Журналисттер конкурсқа АКШ жана Европа өкүлдөрү катышарын белгилешип, министрден «душман өлкөлөрдүн» аткаруучулары келечекте «Интервидениеге» катышуу үчүн эмне кылышы керек экенин тактап берүүнү суранышты.
«Биз акырындап “душман өлкөлөр” термининен баш тартып жатабыз, мыйзамдарда ал дагы деле бар, бирок президент [Владимир Путин] жакында Владивостокто өткөн иш-чарада белгилегендей — биздин түшүнүгүбүздө душман өлкөлөр жок, болгону Россия Федерациясына душмандык саясат жүргүзгөн өкмөттөр бар», — деп жооп берди Лавров.
«Интервидение» — бул музыкалык конкурс, ал 1960-жылдардын аягынан тартып негизинен социалисттик лагерь өлкөлөрү тарабынан өткөрүлүп келген, бирок анда Канада, Испания, Португалия, Марокко сыяктуу дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү да катышкан.
Конкурс бир жагынан «Евровидениеге» альтернатива катары ойлонулган. Жакында ал кайра жандандырылып, жаңы форматтагы алгачкы конкурс 20-сентябрда Москвада өтөт. Россияны анда Ярослав Дронов (Shaman) аттуу ырчы көрсөтөт. Жалпы 20га жакын өлкөнүн катышуусу күтүлүүдө.
Алгачкы «душман өлкөлөрдүн» тизмеси 2021-жылдын жазында пайда болгон. Ага Россиянын дипломаттык жана консулдук кызматкерлерине каршы «душмандык аракеттерди» жасаган өлкөлөр киргизилген. Тизмеге киргизүү дипломатиялык чөйрөдө жооп чараларын колдонууга алып келген.
2022-жылдын март айында өкмөт Россияга, россиялык юридикалык жана жеке жактарга карата душмандык аракеттерди жасаган өлкөлөрдүн жана аймактардын тизмесин бекиткен. Ошол эле жылдын жайында ал кеңейтилген. Жалпысынан тизмеде 50гө жакын мамлекет бар.
Россиянын айрым мыйзам актыларында, анын ичинде санкцияларга жооп чаралары тууралуу мыйзамдарда да «душман мамлекеттер» түшүнүгү чагылдырылган. Кремль бул тизмени кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн буга чейин белгилеген.


















