Ирандын президенти Масуд Пезешкиан бир тараптуу санкцияларга каршы туруу үчүн БРИКСтин алкагында механизм түзүүнү сунуштады.
8-августта Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силванын демилгеси менен АКШ президенти Дональд Трамптын соода саясатын талкуулоо үчүн БРИКСке мүчө мамлекеттердин кезексиз виртуалдык саммити өткөрүлдү. Онлайн жолугушууга Кытай, Египет, Индонезия, Иран, Россия, Түштүк Африканын лидерлери, БАЭнин мураскер ханзаадасы, Индиянын тышкы иштер министри жана Эфиопиянын ТИМинин орун басары катышты. Мындан тышкары, Украинадагы кырдаал талкууланды. Саммиттин жыйынтыгында лидерлер адилеттүү эл аралык тартипке өтүү зарылчылыгы жөнүндө консенсуска келишти.
“БРИКС мыйзамсыз бир тараптуу санкциялардын алдында уюмга мүчө мамлекеттерди колдоо жана өлкөлөрдүн экономикаларын адилетсиз саясий кысымга туш болбостон өнүктүрүү максатында жалпы механизм иштеп чыга алат”, – деди Пезешкиан. Анын сөздөрү Иран президентинин басма сөз кызматынын сайтында жарыяланды.
Ал БРИКС эл аралык финансылык институттарды, айрыкча Эл аралык валюта фондун (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банкты комплекстүү реформалоо үчүн платформага айланышы керектигин баса белгиледи.
Анын айтымында, бул эл аралык уюмдар реалдуу дүйнөлүк экономикалык тенденцияларды чагылдырып, үчүнчү дүйнө өлкөлөрүндөгү өнүктүрүү долбоорлоруна активдүү колдоо көрсөтүшү керек.
“(БРИКСтин – ред.) жаңы өнүгүү банкынын ролун жана потенциалын чыңдоо дагы бул багытта зарыл кадам болуп саналат. БРИКСке мүчө мамлекеттерге дүйнөлүк финансылык түзүмдөрдү реформалоодон тышкары, көзкарандысыз төлөм системаларын түзүү идеясын кароону сунушталат. Бул долбоор айрым дүйнөлүк валюталардын үстөмдүгүн азайтышы мүмкүн”, – деп кошумчалады Пезешкиан.
Мындан тышкары, Иран президенти БРИКСке мүчө мамлекеттердин кризистик кырдаалдарда, мисалы, вакциналарга жана медициналык жабдууларга бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле Пезешкиан БРИКСтин алкагында пандемияга жана өзгөчө кырдаалдарга координациялоо, ресурстарды мобилизациялоо жана тез чара көрүү үчүн бирдиктүү платформа уюштурууну сунуштады.
БРИКС – 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Ага Россия, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африкадан тышкары, 2024-жылдын башында Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабия, 2025-жылы январда Индонезия кошулган.



















